Акылбек Жапаров (ага окшош адам) АКШдагы соода борборлорунун биринен байкалды
RU

Акылбек Жапаров (ага окшош адам) АКШдагы соода борборлорунун биринен байкалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду АКШдагы соода борборлорунун биринен көрүп калышты. Видеонун сапатына байланыштуу министрлер кабинетинин башчысын даана көрүү кыйын, бирок, окшош.

Видеону экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов өз баракчасына жарыялады.

Видеого караганда, министрлер кабинетинин башчысын жансакчысы же жардамчысы жана дагы бир нече адам коштоп жүрөт.

Видеонун автору бул Акылбек Жапаров деп жатат. Ошол эле маалда ал киши Акылбек Жапаровдун соода борборуна эмне кылып жүргөнүн билбей турганын айтты.

Ал кадрлар кайсыл штатта, качан тартылганы такталган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15995