Кумтөрдө, февраль айында, эксковатору менен кошо бир кызматкер Петров көлүнө чөгүп кеткен
RU

Кумтөрдө, февраль айында, эксковатору менен кошо бир кызматкер Петров көлүнө чөгүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл ОИИБи: "Кумтор Голд Компании" ЖАКта орун алган эки окуя

боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.

2021-жылдын 15-февралында "Кумтор Голд Компании" ЖАКтын кенинде 1996-жылы туулган экскаватордун айдоочусу 1996-жылы туулган И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорудагы фактылар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган. 2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБнин Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00го күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган: Саймон Тан - "Кумтор Голд Компании" ЖАКтын каржы боюнча директору, Деон Баденхорст - "Кумтор Голд Компании" ЖАКтын президенти, Арипин Буман - "Кумтор Голд Компании" ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директор.

Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча "Кумтор Голд Компании" ЖАКтын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып кеткен, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1599