Кылмыштуу топтун мүчөсү аялына зордук көрсөтүп жүргөнгө шек саналды
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аялына системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөткөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден маалымдашты.
Милициядан билдиришкендей, 6-февралда Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жолдошу М.С`га чара көрүүнү суранган. Айтымында, жолдошу бир жылдан бери системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп келген.
Аталган факты боюнча 280-беренеге (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1972-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармашты. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн туруктуу жашаган жеринен 2 даана ок атуучу курал, 2 даана магазин, 5 даана гильза табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.