Жогорку сот качкын президент Курманбек Бакиевдин бир туганына чыккан өкүмдү жокко чыгарды
RU

Жогорку сот качкын президент Курманбек Бакиевдин бир туганына чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялык коллегиясы качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына 11-майда Жогорку Соттон билдиришкен.

Такталгандай, 2021-жылдын 27-апрелинде Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2020-жылдын 25-мартында чыккан жана Жалал-Абад облустук соттун 2020-жылдын 10-декабрында чыккан өкүмдөрү толугу менен жокко чыгарылды.

"Кылмыш иши кайрадан Жалал-Абад шаардык сотуна кароого жөнөтүлгөн. Себеби кылмыш иштин материлдары толук изилденген эмес, процессуалдык мыйзам бузуулар орун алган жана соттун бүтүмдөрү факт жүзүндөгү кырдаалга дал келишкен эмес", - деп Жогорку сот түшүндүрмө берди.

Прокуратуранын касациялык арызы канааттандырылды. Бакиев Каныбек Салиевичти толугу менен актап чыгуу боюнча өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Бүгүн, 12-майда, Жогорку соттун басма сөз кызматы берген малыматка ылайык, "КРдин Жогорку соту кассациялык инстанциянын соту тарабынан иш кайрадан каралууга жөнөтүлгөн. Себеби биринчи жана экинчи инстанциялардын ортосунда бир катар мыйзам бузууларга жол берилген, анын ичинде күбөлөрдүн көрсотмөлөрүнө тиешелүү баа берилген эмес болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1609