Өспүрүмдөр жыныстык катнаштагы эки тараптуу макулдук тууралуу эмнелерди билиши керек
Жыныстык мамилелер - адам жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Балдардын жана жаштардын бул тууралуу ишенимдүү, далилдүү жана ар тараптуу маалымат алууга укугу бар. Ошого карабастан жыныстык тарбия мектептерде өтө курч маселе бойдон калууда, үйдө болсо таптакыр тыюу салынган темага айланган. Бирок адамдардын ортосундагы жыныстык мамилелерди талкуулоо зарыл. Ал эми ата-энелер бул нерсе тууралуу сүйлөшүүгө учур келгенин байкаганда, ал учурду колдон чыгарбай дароо колдонушу керек: өтө эрте эмес жана кеч эмес.
Психотерапевт, гештальт-психолог, транзакциялык аналитик Наталья Ивахник өспүрүмдөргө жыныстык тарбия берүү жана аларга эмне үчүн жыныстык катнаштагы эки тараптуу макулдук тууралуу маалыматты жеткирүү маанилүү экенин айтып берди. Ошондой эле, бул материалда жашы жете элек өспүрүм менен 18 жаштан ашкан адамдын ортосундагы жыныстык катнаштын кесепеттери жөнүндө кеп козгойбуз.
Ата-энелер эмне кылса болот?
Ата-эне балдары менен сүйлөшүүнү баштоодон мурун, жыныстык тарбия боюнча билимин жаңыртып, бул өңүттөгү сүйлөшүүгө өздөрү кандай карай турганын түшүнүп алуусу зарыл.
Бул темага даярданып жатканда, бала айтылуу маселелер боюнча апасы менен атасына кайрыла аларын сезүүсүн каалаган ата-эне, материалдарды кылдат изилдеп чыгуулары керек. Кээ бир суроолорго ата-энелер биринчи кезекте өздөрү үчүн өздөрү жооп бериши зарыл. Алар жыныстык тарбия тууралуу кайдан билишкен? Ата-энелери же мугалимдери айтпаган маалыматты кандай форматта алууну каалашат? Деги эле бул тема боюнча бар болгон боштуктарды жабуу маанилүү.
Макулдук жана сексуалдык жашоонун кесепеттери тууралуу сүйлөшүү баланын пубертаттык кезинде башталышы керек. Баладан бул жөнүндө эмне биле турганын суроо зарыл. Ал билген маалыматтарын кайдан алган? Ата-эне бала менен анын деңгээлинде, башкача айтканда, ал түшүнө тургандай деңгээлде сүйлөшүшү керек. Ал эми ар кандай медициналык терминдерди колдонгон учурда, бала угат, бирок өз билгениндей жыйынтык чыгарат.
Анан, албетте, ата-энелер сүйлөп жатканда баласын, анын позициясын, темага болгон мамилесин угуп, коомдогу маданиятты, баалуулуктарды эске алуу менен балага өзүнүн конкреттүү позициясын түзүүгө жардам бериши керек.
Пубертаттык мезгил - жыныстык жетилүү жана бул процесске байланыштуу бардык нерселер жөнүндө сүйлөшүү үчүн оптималдуу убакыт. Өспүрүмдөргө биринчи кезекте алардын коопсуздугуна тиешелүү болгон маалыматтарды жеткирүү маанилүү (сексуалдык зомбулук деген эмне, бойго бүтүрбөө ыкмалары, кандай учурда бойго бүтүп калат, жыныстык жол менен жугуучу оорулар ж.б.). Эгерде бала бул жашка чыкканга чейин үй-бүлөдө айтылуу темага тыюу салынбай жана жайбаракат талкууланып келген болсо, анда бул биологиялык процесс жанан жашоонун бир бөлүгү экенин талкуулоо кыйынчылык жаратпайт.
Балаңыз жана өнөктөшү үчүн интимдик мамилелер коопсуз болушу керектиги, ага кандайча жетүүгө болорун жана кантип "жок" деп айтуу керектиги жөнүндө сүйлөшүү да маанилүү.
Жыныстык тарбия темасын талкуулоого ар дайым ата-эненин эмоционалдык реакциясы (алар сүйлөшүүдөн канчалык коркуп, уялары), баланын бул маалыматты алардан алууга канчалык кызыга тургандыгы таасир этет. Ата-энелерге тема боюнча өздөрүнүн билимине көбүрөөк таянуу сунушталат. Анткени өз баласын алардан жакшы эч ким билбейт, эч ким ага бул сыяктуу татаал жана маанилүү темаларды түшүнүктүү кылып айтып бербейт.
Макулдук деген эмне?
Активдүү макулдук - бул өнөктөштөрдүн активдүү оозеки макулдугу болгон учурда гана ар кандай жыныстык катнаштарга жол берилет деген принцип. Башкача айтканда, жеке чектерин бузууга мүмкүн болгон ар кандай аракет үчүн өнөктөштүн макулдугун суроо керек. Макулдуктун "активдүү" деп аталышы, түз суроо берип, ага түз жооп алганда жатат. Бул жерде өнөктөш "каршы эмес" эмес экенин айтып гана тим болбостон, макулдугун активдүү билдирүүлөр менен көрсөтүп турат.
Эгерде сенин "жок" дегениңе карабай, сени тоготпой, сага жагымсыз болгон аракеттерин токтотпосо, анда бул кооптуу абал жана андан болушунча тез чыгуу керек. Жагдайлар ар кандай болот, бирок өз ара аракеттенүүнү токтотуу үчүн кандайдыр бир шылтоо тапса болот. Же болбосо жардамга чакыруу зарыл.
Активдүү макулдуксуз жана каалоолорго карама-каршы келген аракеттер - адамдын коопсуздук, чек арасы, өзү жана жашоосу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алуу укугунан ажыратылганын көрсөтөт. Бул жерде зомбулук жасалып жатат. Мындай кырдаалда бардык күнөө жана жоопкерчилик башка адамдын абалынан жана ишениминен пайдаланып, анын эркиндигине жана дене чектерине кол салган адамда болот.
Өспүрүмдөрдүн жаш айырмасы абдан маанилүү. Мисалы, 14 жаштагы кыз 17 жаштагы өспүрүм менен сүйлөшүп жүрөт дейли. Бул жерде айырма абдан байкаларлык болот.
17 жаштагы жигит өзүн, өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын жакшы түшүнөт. Бирок кызды алсак башка кеп, ал жыныстык катнашка макул болгон күндө да, даяр эмес болот, көбүнчө башка муктаждыктарга, айталы, жакындык каалоосунан улам макул деп коюушу мүмкүн. Кыздын макулдугун чоңдордун чечими менен салыштырууга болбойт, анткени ал кырдаалды жетиштүү түшүнө албайт. Башкача айтканда, ал жетиле элек адамдын абалынан макулдугун берет.
Бир жылдан кийин алар дагы бой жетет. Ал эми бул жерде мамиле такыр башка өңүткө айланат – 18 жаштагы бала мыйзам алдында жооп берет, жашы жете элек кыздын ата-энеси ага каршы арыз жаза алат.
Ошол эле учурда өспүрүмдөр жыныстык жашоо менен жашоо кандайдыр бир кесепеттерге алып келерин билиши керек. Мисалы, кош бойлуулукка. Ал эми өспүрүмдүн организми бул нерсеге биологиялык жактан да, психикалык жактан да даяр эмес. Өспүрүмдөр өзү психологиялык жактан ата-эне болууга даяр эмес.
Өспүрүмдөр күтүлбөгөн кош бойлуулук жөнүндө маалыматты ишеничтүү булактардан - ата-энелерден, билим берүү программаларынан, адистерден алышы керек.
Өспүрүмдөрдө жеке чектерди урматтоо сезими али калыптана элек же жетишсиз калыптанбаган болот. Алар көп учурда өзүн-өзү аныктоо стадиясынан өтө элек жана өз чектерин белгилей элек абалда болушат, анткени алар дагы эле көп тараптан ата-энесине көз каранды болот.
Балага өзүнүн чек аралары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу, аны менен кантип күрөшүү керек экенин жана ага менен кандай мамиле жасоого мүмкүн эместигин түшүндүрүү менен ага өзүн-өзү сыйлоо сезимин кичинесинен калыптандыруу маанилүү.
Мыйзам өзү эмне дейт?
Юрист жана адам укуктары боюнча адис Атыр Абдрахматова мыйзам жагынан алганда, өзүнө карата кандайдыр бир аракеттерге укукка жөндөмдүү жаран гана ачык макулдугун бере аларын жана бул макамды ар бир адам 18 ге чыкканда гана аларын баса белгилейт.
Укук жөндөмдүүлүгү (дееспособность) - бул жарандын өз аракеттери аркылуу өз укуктарына ээ болуу жана ишке ашыруу, өзү үчүн милдеттерди түзүү жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү.
Адамдын макулдугу сексуалдык мамилелердин ар бир этабында толук, ыктыярдуу жана шартсыз болушу керек, "жок" деп айтуу же процессти токтотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбастан. Адамда баш тартуу же токтотуу сунушу (өтүнүчү) болгондон кийин жасалган сексуалдык аракеттер зордуктоо, ошондой эле адамдын эркине каршы жыныстык катнаш катары квалификацияланат.
Атыр Абдрахматова жашы жете электер менен жыныстык катнашка баруу кылмыш экенин эске салат. 14 жаштан баштап зордуктоо, сексуалдык зордуктоо, денеге залал келтирүү жана ала качуу үчүн жоопкерчилик каралат.
Бала менен, башкача айтканда, 18 жашка чыга элек адам менен жыныстык катнаш үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында 15 жылга эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.
Зордуктоо жыныстык катнаш (сексуалдык акт) башталган учурдан тарта - зордуктоо деп эсептелет.
Жашы жете электин жыныстык катнашка макулдугу же макулдугу жок экендиги жөнүндө маселени кароо күнөөлүү адамдын жоопкерчиликтен качуу аракети катары каралышы керектигин түшүнүү зарыл.
Макулдуктун болушу жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай же кылмыштын түрүн квалификациялоону өзгөртүү үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча, жашы жете электерге экөө тең жашы жете элек болсо да, кандай гана шартта болбосун жыныстык катнашка барууга тыюу салынат.
Зордуктоого кабылган жашы жете электердин "ылайыксыз" сырткы көрүнүшүн (кыска юбка, жапыз моюн, тыкыс кийим ж.б.), жашоо образын (тамеки чегүү, ичимдиктерди ичүү, үйдөн качуу, балдар менен достошуусу, флирт ж.б), мектептен же жашаган жеринен "терс" мүнөздөмөлөрдү талкуулоо практикасы - мунун баары:
- күнөөлүү адамдын жоопкерчиликтен качуу аракети;
- милициянын кылмышкерди жашырууга көмөк көрсөтүүсү;
- кылмышкерге жоопкерчиликти жүктөө үчүн жеңилдетүүчү жагдай болуп саналбайт;
- зордуктоонун курмандыгы болгон адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ден соолугуна зыян келтирген укуктарын бузуу болуп саналат.
Буга байланыштуу мындай аракеттери үчүн зомбулукка кабылган адам тууралуу терс маалыматтарды таратууга катышкан ар бир адам мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.
Жашы жете электер менен жыныстык катнашка баруу - кылмыш.