Садыр Жапаров жети же андан көп баласы бар 819 энеге "Баатыр эне" орденин тапшырды
RU

Садыр Жапаров жети же андан көп баласы бар 819 энеге "Баатыр эне" орденин тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне "Баатыр эне" ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Сыйлык алган энелердин тизмесин төмөндөгү документтен көрсөңүз болот.

Тиркелген файлдар
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1612