ЖК комитетине уран жана торий казууга мораторийди алып салуу боюнча мыйзам долбоору келди
RU

ЖК комитетине уран жана торий казууга мораторийди алып салуу боюнча мыйзам долбоору келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңешке Кыргызстандагы уран жана торий кендерин иштетүүнү сунуштаган мыйзам долбоору келип түштү.

Мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзам күчүн жоготту деп табылат.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан министрлер кабинети белгилегендей, 2019-жылы кабыл алынган мыйзам калктын саламаттыгын, жерлерди, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо-турмушу, иштөөсү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту орнотууга болгон укуктарын камсыз кылууга багытталган.

Бирок, министрлер кабинетинин айтымында, аны колдонуу бүтүндөй өлкөнүн экономикасы жана өнүгүүсү үчүн эл аралык жана улуттук кризистик көрүнүштөрдүн терс кесепеттерин күчөттү. Мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда бул көрүнүштөрдү жана алардын кесепеттерин алдын ала көрүү мүмкүн эмес болчу.

"Атап айтканда, мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда Жогорку Кеңеш COVID-19 пандемиясынын терс экономикалык кесепеттеринин башталышын, ошондой эле Россияга каршы масштабдуу каржылык санкцияларды алдын ала көрө алган эмес", - деп белгилейт министрлер кабинети.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16160