Үрөй учурган окуя. Таласта 26 жаштагы аял жана анын эки баласы өлтүрүлдү
RU

Үрөй учурган окуя. Таласта 26 жаштагы аял жана анын эки баласы өлтүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн түнү саат 00: 37 чамасында 102 кызматына чалуу түшүп, Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Ак-Башат айылында үч адам өлтүрүлгөнү айтылды.

Окуя болгон жерден 1997-жылы туулган М.Ж., анын төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы уулунун сөөгү табылган.

Милиция "адам өлтүрүү"беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Далил катары үйдөн ок атуучу куралдар жана балта алынган.

Иш боюнча шектүү катары мурда соттолгон, 1976-жылы туулган К. Н., Ак-Башат айылынын тургуну изделүүдө. Ички иштер органдарына багыт берилип, чектөөлөр белгиленген.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминологиялык экспертизалар дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16221