Күндө таң эрте чуркаган 86 жаштагы Жоламандын машыктыруучусу Хаким Махмудов (видео)
RU

Күндө таң эрте чуркаган 86 жаштагы Жоламандын машыктыруучусу Хаким Махмудов (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күндө таң эрте баскан Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов быйыл 86 жашта. Ал 80 жашка чейин күн сайын чуркап турчу. Азыр таңкы намаздан кийин эң кеминде эки саат басат. Жанында дайыма достору да машыгып турушат. Бул ирет Хаким Махмудов менен Kaktus.kg редакциясы машыгуусу үстүндө маектешти.

Хаким Махмудов күн сайын үчтө турат

Хаким Махмудовдун таңы түнкү үчтө башталат. Ал үйүнүн жанындагы мечиттин азанчысы дагы. 5 маал ал мечитте азан чакырат. Ошондон кийин гана достору менен машыгууну баштайт.

"Мечиттен чыгып алып бир жарым сааттай басып келебиз. Андан кийин үйгө бара беребиз. Таңкы жетилерде үйдө болуп калабыз. Бир-эки саат эс алып анан балдарды машыктыруу үчүн спорт залга жумушка барам", - дейт ал.

Хаким ата 35 жашынан тарта эртең менен чуркап баштаган.

"35 жаштан 80 жашка чейин чуркадым. 80 жаштан кийин катуудан басып жатам. Экөө тең абдан пайдалуу. Эки пайда болуп жатат. Биринчиси - Алланы эстеп зикир чалып жатам, анан басып, чуркап, ден соолукка пайда алып келүүдөмүн", - деп башкаларды да эртең менен чуркоого чакырды машыктыруучу.

Учурда Хаким Махмудов эки топтогу балдарды машыктырып жатат. Биринде кичинекей балдар болсо, экинчисинде Жоламан Шаршенбековдун курагындагылар. Машыктыруучу мурун 15-14 жаштан келишсе, Жоламандарды көргөндөр балдарын 7-8 жаштан алып келип жатышат дейт.

"Мурун эң эле жашы 15-2- жаштагылар болсо азыр залга машыгууга 7-8 жаштагылар келип жатышат. Убакыт өткөн сайын жаштары жашарып жатат.

Хаким Махмудов кантип спортко келип калган

Хаким Махмудов спорттун ар түрүнө катышып көргөн. Ал 3-классында гезиттен Дене тарбия институту бар экенин билген. Ошондо эле аталган институттан билим алам деп өзүнө максат койгон.

"Дене тарбия институту да болобу деп таң калдым. Ошого барам деп кызыгып калдым. Ошол күндөн тарта өз алдынча машыгып, бокско, баскетбол, волейболго катыша баштагам. Ошентип жүрүп 17 жашымда күрөшкө токтодум. Ал убакта Талас шаарында күрөш жакшы өнүккөн болчу. Сабит Мырзахмедов деген армияга барып, Алтайдын чемпиону болуп, Таласка келген. Ошол уюштурду. Ал убакта карачайлар, чечендер машыкчу. Ошолор менен бирге машыгып жүрдүм. Талас ошол учурда Кыргызстандын биринчилигин утуп жүрчү", - деп жаш чагын эстети Хаким ата.

"Жоламандай балдар өтө аз болот"

Хаким ата машыгууну каалаган балдардын баарын эле ылгабай машыктыра берээрин айтат. Таланттуулар арасынан бир айда эле суурулуп чыкса, калгандарын ден соолукка пайда үчүн деле машыктыра беребиз дейт.

"Баланын шыгы бар-жогу бир ай, бир жарым айда эле билинет. Биз аларды чоң мелдештерге даярдайбыз. Калгандарын ден соолук үчүн деле машыктыра беребиз.

Жоламан мага келгенден кийин эки ай өтпөй эле шыгы бар экени билинген. Ошондон кийин эле такай машыктырууларды баштадык. Көп өтпөй мелдештерге чыга баштады. Өспүрүмдөр арасында дайыма байгелүү орундарды алып жүрдү. 10 жаштан кийин чоң мелдештерге катыша баштады. Жоламандай балдар миңден бир, 10 миңден бир болот. Жоламандай балдар өтө аз кездешет", - дейт балбандын жеке машыктыруучусу.

Хаким Махмудов балбан уул-кыздар Кыргыстанды дүйнөлүк державалар менен теңдеп, азыр биздин өлкө күрөш боюнча үчүнчү орунда турат дейт. Ал азыркы учурду кыргыз күрөшүнүн доору болуп жатат деп эсептейт.

"Кытайдай чоң мамлекеттер бизден калып кетти. Россия, Индиядай чоң мамлекеттерден өтүп кеттик. Азыр жакшы болуп жатат. Эми, бул убактылуу да. Кийин ылдыйлап да кетиши мүмкүн же мындан да жакшы болуп кетиши мүмкүн", - деди ал.

90дон ашуун окуучусу желекти дүйнөлүк аренада желбиретти

Хаким Махмудовдун тарбиялануучулары бул убакыт аралыгында 90дон ашуун жолу Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада көтөрүштү. Ал муну менен эле чектелбей алдыда дагы да балдарды тарбиялоого калган өмүрүмдү жумшайм дейт.

"Башка спорттун түрлөрүнө караганда күрөш Кыргызстанда кыйла алдыда. Грек-рим менен катат эркин күрөш да, кыздардын күрөшү да абдан жакшы болуп келе жатат. Мен балдарымды адам бойдон калууга, тарбиясына да маани берем. Утканда башкалардай болуп бакырбагыла, кандай ийгилик болбосун өзгөрбөгүлө дейм. Намаз окууга үндөйм. Машыктыруучунун эмгеги экинчи орунда. Биринчи орунда спортчунун таланты менен аракети турат. Андыктан, мен балдардымды, тарбиялануучуларымдын баарын аракетин токтотпой эмгектенүүгө, тарбиясына маани берүүгө чакырам. Себеби, спортчунун тарбиясы жаман болсо, кандай таланттуу болсо дагы ийгиликке жетишпей, бат өчүп калат", - деп сөзүн жыйынтыктады Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16226