Мелис Аспеков, Садыр Жапаров шайлоо үчүн Жээнбековдордон 10 млн доллар алган деп жар салды
RU

Мелис Аспеков, Садыр Жапаров шайлоо үчүн Жээнбековдордон 10 млн доллар алган деп жар салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Садыр Жапаров, Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордон шайлоого деп 10 млн доллар акча алган, ошон үчүн азыр аларды жоопко тарта албай жатат",- деп коомдук активист Мелис Аспеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Аспеков УКМКнын СИЗОсунан жазган катында 5-октябрдагы окуялардан кийин Садыр Жапаровдон түрмөдө жатып берген убадаларын аткарууну талап кыла баштаганын белгилейт.

Маселен, Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо, Жерүй кенин иштеткен компаниянын 50% акциясын улутташтыруу, ошондой эле люстрация, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алуу, энергетика тармагындагы Ширшовдун схемаларын токтотуу, Дача-СУ соттук ишинин аягына чыгуу. Мына ушул маселелерди чечип берем деген убадасын аткарууну талап кылгам.

"Сүйлөшүүлөрдүн биринде ал берген убадаларын толук аткарам деп сөз берген жана мага шайлоо өнөктүгү учурунда Чүй облусунун координатору болууну сунуш кылган болчу. Жапаров шайлоо учурунда бул аймакка 1 миллион доллар бөлүнөрүн баса белгилеген. Жапаров эгер президент болбой калса, бизди түрмөгө отургузаарын айткан жана биринчи турда жеңишке жетишүү тапшырмасын берген", - деп билдирүүдө жазылган .

Андан ары Аспеков координатор болууга макул болуп, штаб ачып, керектүү адамдарды жалдап, шаймандарды сатып алгандыгын айткан. Андан кийин ар бир район боюнча координаторду аныктап, миң үгүтчүнү топтоп, шайлоонун башталышына даярданган.

"Ал мага жеке өзү резиденциядан 1 миллион доллар берген. Сөзүм куру болбош үчүн, ар бир координатордун паспортунун көчүрмөсүн жана менден канча акча алышкандыгы жөнүндө квитанцияларды тиркеп коём", - деп жазат Аспеков.

Ошондой эле, бул чыгымдардан сырткары дагы бир топ чыгымдар болгон, мисалы, алар бир нече тонна бензин алышкан, анткени көптөгөн ассоциалар, кыймылдар жана диаспоралар акысыз иштешкен эмес.

Аспековдун айтымында өзү 1000 доллардан кем берген адамдардан кол койдуруп алган эмес, аларды жөн гана журналына жазып койгон.

Аспеков катында шайлоого жумшалган 1 миллион доллар элге ачык көрсөтүлүп, алардан салык төлөнөт деп ойлогонун айткан. Бирок иш жүзүндө андай болгон эмес. Республикалык штаб болгону 40 миллион сом жөнүндө маалымдап, ал эми 1 млн доллар тууралуу эч ким ооз ачпаганын айткан.

Ошондо мен Садырга барып, муну кандайча түшүнсөк болот деп сурадым. Ал, эгер биз сарпталган каражаттын бардыгын ачык көрсөтсөк, бир топ салыктарды төлөөгө туура келет деди. Андан сырткары шайлоого мынча акча коротконубузду эл билсе "эл бизди жеп коёт" деп ачууланып баштады да уялбастан туруп, шайлоо үчүн Жээнбековдордон 10 млн доллар алып койгонун айтты. "Мындан ары алардын камалышын талап кылбагыла, эгер алар болбогондо бизге ким бермек?" - деп менден сурады. Ал жети облуска 1 млн доллардан короткон. Ал эми Ысык-Көлгө 2 млн доллар короткон, анткени өз аймагынан аз добуш алып калса, шерменде болмок. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларына 1 млн доллардан бөлүп берген. Анан мен Жээнбековдордон акча алып, ушунча акча коротуп алып президент болбой калышы мүмкүн экендигин эскерттим. Бирок "Сен эмнени түшүнмөк элең" деп укпай койгон. Ошентип менден алыстай баштады. Ачыгын айтсам шайлоо алдындагы процесстерге аралашканыма аябай өкүнүп жатам",-деп Аспеков жазган.

"Ошондой эле ал Бакиевдин акчасын алып, алардын шарттарына макул болгонун уктум. Бул окуялар кандайча бүтөөрүн убакыт көрсөтөт. Эң өкүнүчтүүсү Садыр Жапаровдун кожоюндары көп болуп чыкты. Мен болгонун болгондой айтам, эл ар дайым чындыкты билиши керек . Уландысы бар... "- деп катты жыйынтыктаган.

Эске салсак, 8-январда жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураев "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган" деп шектелип кармалган. Январдын аягында Улан Джураевдин бошотулганы белгилүү болгон.

Мелис Аспеков Октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаровду активдүү колдогону менен белгилүү. Ошондой эле ал Садыр Жапаров менен бирге "Мекенчил" партиясынын мүчөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1622