"Жыныс мүчөсүнө колун салган". Окуучу кыздын апасы кошунасы кызына ыдык көрсөткөнүн айтты
RU

"Жыныс мүчөсүнө колун салган". Окуучу кыздын апасы кошунасы кызына ыдык көрсөткөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-апрелде Сокулук РИИБдин кызматкерлери Жал айылында тогуз жаштагы кызды ыдык көрсөткөн деген шек менен адамды кармашкан. Эркек киши 158-берене "бузукулук аракеттер" боюнча айыпталууда. Окуучу кыздын апасы Kaktus.kg редакциясына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Окуянын чоо-жайы

Алинанын (жабырлануучунун апасы, аты-жөнү өзгөртүлдү) айтканы боюнча, ал күнү жолдошу экөө Бишкекке кетишкен. Алардын кызы мектептен адаттагыдан эрте кайтып келген.

"12-апрелде жолдошум экөөбүз шаарга иш сапары менен бардык, болжол менен саат 11де чыгып кеттик. Саат 12: 30да кызым мектепке барат, түштөн кийин окуйт. Ал ошол күнү мектептен эрте, саат 15:30 чамасында кайтып келген, бирок адатта саат 17:00дө кайтып келчү. Жолдошум экөөбүз саат 16:00 чамасында үйгө келгенде, ал бизди көздөй чуркап жөнөдү. Колун булгалап, титиреп, көздөрү кызарып келди. Анын ыйлаганы байкалды. Унаадан түшүп, эмне болгонун сурадык. Ал күйөөмдүн алдында айткысы келген жок жана шылтоо менен инисин издеп жатам деп, аны менен баруумду суранды, бирок колумда эмчектеги кызым бар болчу. Мен ага иниңди таап, үйгө эрте кел деп айттым, мен аңгыча кичүүсүн карап турайын дедим. Мен үйгө кирип, баланын жалаягын алмаштырып, күйөөмдүн жанына чыктым. Ал кошуна менен унаа тууралуу сүйлөшүп туруптур. Тиги киши мас болчу, аябай мас деп айта албайм. Балдарым кайтып келгенде, алар дагы эле короодо турушкан. Ошол учурда кызым: "Апа, тээтигил адам менен сүйлөшпөгүлө. Ал кетсин, мен силерге бир нерсе айткым келет" деди. Жолдошум экөөбүз үйгө кирдик, мен эмне болгонун сурадым, бирок кызым атасын бөлмөсүнөн чыгып кетүүнү суранды. Ал чыгып, эшикти жапты.

Ошондо кызым мага чоң атасы аны сырттан инисин чакырып келүүгө жибергенин айтты. Көчөдө кошуна аны гараждын аркы тарабына чакырып, бир нерсе көрсөтөөрүн айткан. Ал жерден ал көп акча убада кылып, анан оозунан бир нече мүнөт өпкөн. Ал эмне кыларын да билбей туруп калганын айтты.

Башында ал шымын чечип, кызымдан бир жерин кармоону, ал жерге тийүүнү сураныптыр.

Бул учурда менин кызым ыйлап, кое берүүсүн суранып, инисинин артынан чыкканын жана чоң атасы урушаарын айткан. Бирок, ал киши аны кое берген эмес. Бир убакта ал кетип баратканда, менин кызым качууга аракет кылган, бирок ал аны кармап, кайра гараждардын артына алып, шымын чечкен экен. Мен ал дагы бир нерсе кылдыбы деп сурадым. Ал киши анын жыныстык мүчөсүнө колун салыптыр, ооруп кеткенде кызым заара чыгарып жибериптир", - дейт аял.

Аялдын айтымында, андан ары киши кызга акча көрсөтүп, анда андай акчалар көп экенин айтып, баарын берем деп кайра оозунан өпкөн.

"Ал оозунан гана эмес, шымын чечим кызымдын жыныстык мүчөсүнөн да өпкүлөптүр. Менин кызым ыйлап, качууга аракет кылган бирок ал аны кое бербей кыйнаптыр.

Кызымдын жыныстык мүчөсүнө ал колун салганда оорудан улам кызым кыйкырган.

Ошондо ал үйүнө кеткен. Кызым ал ошол маалда үйдө жалгыз эмес экенин айтты, достору менен ичип отурган окшойт. Бул адамдар ким экендигин билбейбиз, менин кызым аларды билбейт. Сыягы, ал кыйкырганда: "Мени бул жерде күт, мен сага көп акча берем" деп өйдө турган экен. Ал кеткенден кийин, ал чоң атасына эч нерсе айта албай, шок абалда үйгө качып кирген. Дааратканага кирип, кызым кайра сыртка чыккан учурда биз кайтып келдик", - деди Алина.

Пара берүү аракети

Окуя тууралуу кызынан уккан аял участкалык милицияга кайрылып, арыз жазган. "Кызым мага мунун баарын айтканда, мен титиреп кеттим. Мен күйөөмө баарын айтып бердим, ал абдан ачууланды. Мен ал кишиге тийбөөнү суранып, машинага отуруп, РИИБге барууну сунуштадым. Милицияга чалдым, участкалык милиционердин номерин сурадым, мага номерин беришти. Биз чалдык, бирок ал жерде эч ким жооп берген жок жана биз ал жакка өзүбүз барууну чечтик. Участкалык милиционерди таап, арыз жазып, ыкчам кызматкерлери менен айылга кайтып келдик. Ал киши башка эркектер менен үйүнүн жанында туруптур. Мен ал жерде ким экенин да түшүнгөн жокмун. Аны көрүп, өзүмдү кармай албай, башына бир нече жолу чаап жибердим. Бул, албетте, жетиштүү болгон жок, мен таш менен чапканды ойлонбогонума өкүнүп калдым да. Мен жок дегенде анын башын жарып калмакмын да. Участкалык милиционерлер чуркап барышты, жолдошум чуркап келди, алар мени токтотушту", - дейт ал.

Жабыркаган үй-бүлөнү Сокулук РИИБдин башчысынын орун басары кабыл алган. Кыз орун басар эркек болгондуктан ага эч нерсе айта алган эмес.

"Биз тергөөчү аялды сурадык, ошондон кийин гана кызым баарын кененирээк айтып берди. Биз РИИБде болгонубузда анын туугандары жолдошума келип айтыштыптыр:

"Арыз жазбагыла, тергөөчүгө бере турган акчаны силерге берели".

Жолдошум аларга эч нерсе деп жооп бербеди, алар менен сүйлөшкүсү келген жок. Мындай нерсе үчүн алар кантип акча сунуштай алышат? Жолдошум унчукпай бурулуп, унаага отурганын айтты. Эртеси экспертизадан өтүш үчүн Сокулукка бардык. Андан кийин үйгө келе жатканыбызда кошунабыз чалып, ал кишинин туугандары биздин үйгө келип, атам менен сүйлөшүп жатышканын айтты. Көрсө, алар атама тигил адам баары бир эркиндикке чыгат деп айтышкан экен, биз арызды алганыбыз жакшы болоорун, бул үчүн алар акча беришээрин айтышыптыр", - деп эскерет Алина.

Айыл боюнча ушактар тарай баштады, кыздын апасын каралай башташты. Үй-бүлөнү болгон окуядан акча тапкысы келип жатат деп айыпташкан.

"Бул биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз, мен өзүм буга көнүп, кызымды ушундай жолго алып келди деп айтышты. Мага телефон чалып, мен жөнүндө эмне деп жаткандарын айтышууда. Жакында алардын жактоочусу чалып, жолугуп сүйлөшкүсү келди.

Ал 100 миң сом сунуш кылды.

Буга мен акча албайм, ишти сотко жеткирем деп жооп бердим. Эртеси алардын туугандары келип, 300 миң сомдун тегерегинде акча бар экенин айтып, тосмо арыз жазуумду суранып башташты. Алар эми прокурорго, судьяга дагы акча даярдоо керек экенин айтышты", - дейт ал.

Алина акчадан баш тартып, шектүүнүн туугандарын кууп жиберген, ошондо алар ага кысым көрсөтө башташкан.

"Мен анын тууганына алардан бир тыйын сурабаганымды, телефон чалбаганымды жана сүйлөшүүгө аракет кылбаганымды айттым. Ошол адамдын бир тууганынын аялы мектепте мугалим болуп иштейт. Кантип ал мугалим болуп келип, ушундай сунуш менен келгенин билбейм. Аны менен эле тим болбой мени да жемеледи. Анын дагы авысыны келди, ал биздин кошунабыз, бурчта жашайт. Ал мага: "Көрдүңбү, ал азыр түрмөдө отурат!" деп кыйкырып баштады. Мен аларга ал ошол жерде калсын, мен ал жөнүндө тынчсызданбайм деп жооп бердим. Мен: "ошол жерде чирип кетсин" дедим. Ошондо анын тууганы мага: "Бул сенин кошунаң, силер аны менен канча жылдан бери чогуу турасыңар!" деп баштады. Ошондо мен сурадым: "Макул, мен барып, тосмо арыз жазып, ал бошотулат. Менин балам аны менен бетме-бет кантип жашайт?".

Анын байкеси, кызым менен аны элдештирип коебуз деп жооп кайтарды.

"Нормальный" адам ушундай нерсени айта алабы?"- дейт ал.

Кадимки адам мындай нерсени айта алабы?"- үрөй учурган окуяны айтып жатыр кыздын апасы.

Териштирүүлөр

Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө кызды короосуна алып барып чекесинен өөп койгонун жазган. Ал эми калган айыптоолор жөнүндө ал билбейт имиш.

"Мен анын көрсөтмөлөрүн окудум.

Ал кызымды бакчага алып барып, чекесине гана өпкөнүн, ал эми калганын билбейм деп жазган.

Ошондо тергөөчү: "Башка бирөөнүн кызын эмне максат менен өзүңдүкүнө алып барасың?" деп сураганда, ал бул маселе боюнча эч нерсе айта албайм деп жооп берди. Ошол күнү ал мас болуп, РИИБге барганда бизди ал жактан кууп салабыз деп кыйкырды, анткени алар жергиликтүү, а биз ал жакка 30 жыл мурун гана көчүп келгендигибизди айтты. Алар үчүн биз жергиликтүү эмеспиз", - дейт ал.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, зордуктоо болгон эмес, бирок психиатрдын көрсөтмөсүндө кыздын психикалык абалы оор экени жана ал алдабаганы көрсөтүлгөн. "Экспертизаны 3-балдар ооруканасында жана Сокулукта өткөрдүк", - деди жабырлануучунун апасы.

Айыл тургундарынын реакциясы

Бир аздан кийин кыз ичинин оорусуна даттана баштаган. Анын табити жоголуп, дарбазадан ары көчөгө чыкпай калды. Жергиликтүү балдар да аны кодулай башташкан.

"Ал дарбазанын ары жагына чыккандан заарканат. Ал отуруп алып сүрөт тартып же мончок менен алектенген адат таап алды. Аны көрүү абдан кыйын, анткени ал эч ким менен сүйлөшпөйт. Мен андан дарбазанын сыртында ойноону суранам, ал баш тартат, "мени шылдыңдашат" дейт. Анан биз айттык: "Сени эч ким шылдыңдабайт, сен эч нерсе болгон жоксуң, кыздарың менен ойной бер" дедик. Ал баш тартты. Анан мен кошуна кыздарды короого алып келип ойногула деп жаттым. Ошондо да ал алар менен ойнобой койду. Өзү отуруп, сүрөт тартат, ал эми кыздар өз алдынча", - дейт Алина.

Бир күнү жолдо өтүп бара жаткан аял үйдүн жанынан өтүп бара жатып кызга окуяны эстеткен. "Бир аял аны таанып:" Сен ошол кыз сенсиңби? Ал киши эмне кылды? Мага айтып берчи?" дептир. Ошондо кызым абдан нерв болуп баштады. Ал мага чуркап келип: "Ал кайтып келдиби?" деп сурады. Мен жок деп жооп бердим. Ал аялдын эмне деп сурагандарын айтып берди. Мен тез кийинип, сыртка чыктым, бирок эч кимди таппай койдум. Кетип калыптыр.

Көчөдө аны башка балдар шылдыңдап башташты.

Бул окуядан кийин кызым менен уулум 12-апрелден бери мектепке барбай калышты. Бир кыз: "Сен эмнеге мектепке барбайсың билесиңби, анткени сени кошунаң зордуктаган. Ошондуктан сен жаман окуйсуң" дептир. Ошондон бери кызым сыртка чыга элек. Буттары шиший баштады. Алгач аны бир ооруканага, андан кийин башка ооруканага алып бардык. Натыйжада, психологиялык көйгөй бар экенин айтты. Анткени менин кызым баса албай калган, ага дарыларды жазып берди", - дейт ал.

Сот процесси

Тергөө эки жуманын ичинде аяктап, иш сотко өткөрүлүп, 26-апрелде биринчи соттук отурум болуп өттү. Бирок айыпталуучу жараянга алынып келинген эмес.

"Бизге бул процесске аны алып келбейт деп айтышты, анткени унаалар жок экен. Сот онлайн режиминде өттү. Процесс жабык өттү. Судья эки тарапты тең угуп, суроолорду берди, ошондо ал укпай жатканын айтты. Ал атайын ушундай кылды же чындап эле байланыш ушундай болдубу, билбейм... Мен азыр эч кимге ишенбейм. Сот отурумду 6-июнга жылдырып, кечээ бешине коюлганы белгилүү болду. Биринчи процессте эч нерсе чечилген жок, жөн гана ал эмне үчүн соттолуп жатат, эмне болду деп сурашты. Тагыраак айтканда, биз процесстин өзүн көпкө күттүк", - дейт аял.

***

Алина ишти өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

"Мен Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылам. Ал буга чейин аялдарды, кыздарды жана балдарды коргой турганын айткан. Ушул маселени чечип беришин суранам, күнөөлүү адам соттолсун. Мен үчүн он жыл аздык кылат. Бул убакыттын ичинде кызым эсине келбейт, өмүр бою чоң "травма" менен калат. Биз дагы деле кесепеттери менен күрөшүп жатабыз, ал көп учурда эсин жоготот. Камчыбек Кыдыршаевич, сизден суранам, өз көзөмөлүңүзгө алыңыз. Туура багытта чечиңиз. Келечекте бир дагы аял мендей болуп ыйлабасың.

Ал менин өзүм өстүргөн гүлүмдү сындырып койду.

Мындай жол менен бир дагы бала сынбасын. Сураныч, көзөмөлгө алыңыз. Мен сизге кат жаздым, мени кабыл алыңыз, суранам. Кызым дагы деле эсине келе албай жатат. Бир нече күн мурун биз гинекологго бардык... Экспертиза мени гинекологго жибербей, өзү чечим чыгарган. Эми гинеколог анын кыздыгы ордунда экенин, бирок чоюлганын айтты. Бир дагы бала мындай азап тартпасын. Камчыбек Кыдыршаевич, өз көзөмөлүңүзгө алыңыздар", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16268