Бишкекте 17 жаштагы Азема дайынсыз жоголду. Аны табууга жардам бериңиз
RU

Бишкекте 17 жаштагы Азема дайынсыз жоголду. Аны табууга жардам бериңиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 17 жаштагы Азема Абдивалиева май айынын аягында дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 31-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына З.Н. 2007-жылы туулган кызы Абдивалиева Аземаны табууга жардам сурап кайрылган. Кыз Арзамасская көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын кайда экени белгисиз.

Дайынсыз жоголуу фактысы Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгында катталган.

Өзгөчөлүгү: Бою 165-170 см, арык денелүү, узун кара чачтуу. Жоголгон учурда ал көк түстөгү спорттук кийим жана кара ботас кийип жүргөн.

Абдивалиева Аземанын жүргөн жери тууралуу билгендер болсо, 0312 35 29 47, 0777 86 97 97, 0700 86 09 09, 0773 90 94 65 жана 102 номурларына чалып кабарлаңыздар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16332