Жалал-Абадда 10 жаштагы баланы сел алып кетти
Жалал-Абадда 17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында сел жүрдү.
ӨКМдан билдиргендей, Эски-Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы Э.Ж. аттуу баланы сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10дө табылып, жакындарына өткөрүлдү.
Селдин кесепеттерин жоюуга жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган. Сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды.
Мындан тышкары сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10дө аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.