"Түлкүнү иттей жетелеп жүрүшүптүр". Жаныбарларды реабилитациялоо борбору жардамга муктаж
RU

"Түлкүнү иттей жетелеп жүрүшүптүр". Жаныбарларды реабилитациялоо борбору жардамга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте алты жылдан ашык убакыттан бери Жаныбарларды реалибитациялоо борбору иштеп келет. Ал жерге 30 түрдүү жандык ар кандай шартта алып келинген. Бул борбор жаныбарларды сатып албайт. Ал жакка кырсыкка учурап же кароосуз калган жандыктар жеткирилет. Азыр жаныбарлар турган жай оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал үчүн бери дегенде эле 4,5 млн сом керектелүүдө. Kaktus.kg редакциясы бул ирет аталган жайдагы жаныбарлар, ZooBishkek реабилитациялык борбору тууралуу айтып берет.

ZooBishkek реабилитациялык борбору мындан 6 жыл мурун түзүлгөн. Негиздөөчүсү алгач, кароосуз калган жаныбарларды үйдө бакканын айтып берди. Бирок реабилитацияга муктаж жаныбарлардын саны көбөйүп, бул борборду түзүү керектелген. ZooBishkek реабилитациялык борборунун жетекчиси Влад Шевченко жүздөн ашык куткарылган жаныбарлардын саны күн сайын көбөйүп жатканын белгиледи.

"Күн сайын алардын саны көбөйүп бара жатат. Бизде мезгил-мезгили менен ар кандай жаныбарлардын тобу келип турат. Алар карышкыр, түлкү же чымчыктар. Мисалы, азыр жай. Бул убакта канаттууларды көп алып келишет. Себеби, ушул учурда аба ырайы өтө ысып, канаттуулар суу таппай, анын айынан алсырап, көп кулашат. Анан, албетте алардын баарын бизге алып келишет. Айрым канаттуулар ысыкта багытын жоготуп, бакты, унааларды сүзүшү мүмкүн.

Күзүндө бизге карышкыр, түлкү, чөө көп келет. Тилекке каршы, мергенчилер алардын ата-энесин атып, балдары жалгыз калган күндөр болот. Мындай учурлар көп", - дейт ал.

Түлкүнү иттей кылып жипке байлап, базарда жетелеп жүрүшкөн

Учурда ZooBishkek реабилитациялык борборундагы жаныбарлардын жарымы ушул жайда туулган. Бул жерде иштеген Азамат Алтынбеков айрым жабырлардын борборго кантип келип калганы тууралуу айтып берди.

"Мисалы, түлкү. Ал бизге Оштон келген. Аты Фокс. Аны базарда кичинекей балдар ит сыяктуу алып жүрүшкөндө реабилитациялык борбордун жетекчиси көрүп калып бир балмуздакка сатып алган. Мисалы, бизде беш маймыл болсо анын төртөө бул жерде туулган", - деди Азамат Алтынбеков.

"Сабизди бугуга берип салышып, ал өлүп кала жаздаган"

Кечээ жакында эле бул реабилитациялык борбордо окуя болуп, анда бугу өлүп кала жаздаган. Келген кардарлардын бири ага бүтүн сабизди берип койгон, ал бугунун тамагына тыгылып калган.

"Жакында эле бир жаман окуя болду. Биздин бугубуз бар. Аты Кай. Биздин "атабыз" деп коёбуз. Бул бугуга келген кардар аялдын бири, биз азыр дагы тактап жатабыз сабиз берип салыптыр. Ал чоң сабиз бугунун тамагына тыгылып, бери чыкпай же ары кетпей, дүрбөлөңгө түшүп, эки-жакка урунуп, дем жетпей мүйүздөрүн сындырды.

Биз дароо борборду жаап, 3-4 саат дегенде тамагынан чоң сабизди алып чыктык. Бактыга жараша биздин Кай тирүү калды. Ошондуктан биз ар бир келген коногубузга өз алдынча тамак бербегиле деп айтабыз. Каалаган адамдар кире бериштен биз берип жүргөн, даярдалган тамакты берсе болот. Анда да өз өлчөмү менен. Тилекке каршы, айрымдары бизден жашырып берген учурлар болот", - дейт борбордун жетекчиси.

"Карышкырдын мүнөзү иттикинен жакшы"

"Карышкырыбыздын аты Гринго. Ал бизге Нарындан келген. Кичинекей кезинде эки бөлтүрүк болгон. Энесин атып салышып, эки бөлтүрүгүн бизге - реабилитациялык борборго алып келишкен. Аларды башында бизге сатышмак болушкан. Баасын айтып, көпкө чейин бизге сата албай жүрүштү. Биз макул болбой койгонубузда бөлтүрүктөрдү үйдө кармашты.

Буларды кармоо өтө кыйын болгондуктан бөлтүрүктүн бирөөсү өлүп калган. Ошондон кийин айла жоктон экинчи бөлтүрүктү бизге бекер эле белек кылып беришкен.

Азыр Гринго (карышкыр) беш жаштан өтүп калды. Мүнөзү абдан жакшы. Кишиден коркпойт. Сыласаң болот. Грингонун мүнөзү иттикинен да жакшыраак десем болот, жоош. Азыр карышкырыбыз сабиз жейт. Элдер келип, сабиз беришет. Бирок биз өз алдыңарча бербегиле деп айтабыз", - дейт Азамат Алтынбеков.

Дагы бир окуя енот менен болгон. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бакта жүргөндө көрүп калышкан. Алар реабилитациялык борбордун кызматкерлерине чалып, алып кетүүнү суранышкан.

"Бизде енот ээн талаада жүрбөйт. Биз кайталап чын эле енот экенби деп тактап сурадык. Ооба дешти. Барсак чын эле бакта енот отуруптур. Ал тез кыймылдаган жандык да. Араң 6-кичи райондон түнү бою кубалап жүрүп кармадык.

Азыр еноттун бизде жүргөнүнө 4 жыл болду. Дагы деле ээси издеп келген жок. Мен мындай учурлар көп болгону үчүн айтып берип жатам", - дейт борбордун ээси.

"Түлкү контузия менен жабыркайт. Анын башынан ок алынган"

Реабилитациялык борбордун кызматкерлери кичинекей балдарга жаныбарларды алып берүүдөн баш тартууга чакырышат. Себеби, баланын кызыгы бат тарап, кийин көпчүлүгү жапайы жандыктарды эшикке чыгарып же бактын түбүнө байлап кетет. Муну менен адамдар алган жаныбарларына жоопкерчилик албай жатышат дешет алар.

Айрым учурда мергенчиликтин айынан да токой жаныбарлары жапа чеккен күндөр болот. Алсак, реабилитациялык борбордогу бир түлкүнү мергенчилер башына атып, ошол бойдон таштап салышкан. Жарадар түлкүнү көргөн адамдар Ала-Арчадан аталган борборго алып келип беришкен. Анын башынан ок алынган.

"Бул түлкүнүн контузиясы бар. Мергенчилер башына атып салышкан. Бизде багылып жатканына үч жыл болду. Үч маал шприц менен тамак беребиз. Чайнаганга тиши, тили жок. Тамакты майдалап беребиз. Адамдардан коркпойт. Алар тамак берип жатып адамдарга көнүп калган", - деп түлкүнүн баянын айтып беришти борбордун кызматкерлери.

"Кышында жарыгы жок кыйналсак, эми оңдоп-түзөөгө 4,5 млн сом керек"

ZooBishkek реабилитациялык борборуна жыл кыйынчылык менен башталды. Борбор жайгашкан сейил бакта оңдоп-түзөө иштери башталып, борборго эскертпей эле жарыкты өчүрүп салышкан. А бул жердеги жаныбарлар кышкысын жылуулук жок жашай албайт. Муну уккан мэрия кайрадан жарык берген.

Көп өтпөй Асанбай сейил багынын жаңы жетекчиси оңдоп-түзөөгө байланыштуу реабилитациялык борборду көчүрүүнү сунуштаган. Бирок бул жаныбарларды бир жактан экинчи жакка көчүрүү кооптуу дейт борбордун негиздөөчүсү. Мындан улам алар бир сөзгө келишип, сейил бактын жетекчиси сентябрь айына жаңы сейил бак колдонууга берилерин белгилеп, ошого жараша бул жаныбарлардын реабилитациялык борборун жаңылап, айрым бөлүгүн жылдырууну талап кылган. Себеби, азыркы борбордун абалы жаңы сейил бактын көрүнүшүнө ылайык келбейт.

Буга ZooBishkek реабилитациялык борбору макул. Бирок аларда оңдоп-түзөөгө эле эмес, жаныбарлардын тамагына акчасы жок. Мурун билеттерден түшкөн акча жаныбарлардын тамак-ашынын 30 пайызын жапса, азыр кардарлар дээрлик жок. Себеби, сейил бак жабык.

Эми реабилитациялык борборду оңдоп-түзөө үчүн бери дегенде эле 4,5 млн сом керек. Ал акчаны болушунча эрте чогултуп, сентябрга борборду жаңылоо, айрым бөлүгүн көчүрүү керек. Мындан улам борбордун жетекчиси атайын эсеп ачып, элден жардам сураганга аргасыз болуп жатат.

"Сырдоо, оңдоо, борбордун бир бөлүгүн жылдырып, жылуулаш керек. Жылуу пол, кышкы тосмолорду жасашыбыз керек. Себеби, алардын бир бөлүгү жылдырылат. Бардык коммуникациялар жаңыланышы керек. Таштаман, торлорду да алмаштыруу керек. Сумма абдан чоң. Биз бул сумманы кантип табарыбызды элестете да албай жатабыз. Ошол себептүү атайын эсеп ачууга аргасыз болдук", - дейт реабилитациялык борбордун жетекчиси Влад Шевченко.

ZooBishkek реабилитациялык борборуна жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп:

MBANK: +996 556 66 66 02

Элсом: 0556 66 66 02

Оптима Банк: 4169 5853 4596 1030 (Владислав Шевченко)

Кыргызстан Банк: 4177 4901 6655 9700 V.Sh

KICB: 4446 7910 6010 2520 V.Sh

Demir Bank: 4215 8901 1690 9018

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16429