Желим баштыктар учпасын деп талааны тор менен тосуп коюшкан. Балыкчынын таштанды талаасы
RU

Желим баштыктар учпасын деп талааны тор менен тосуп коюшкан. Балыкчынын таштанды талаасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Балыкчы шаарындагы таштанды маселеси качан чечилет? Шамалдан улам желим баштыктар көлгө учуп жатат. Жайкы сезондо чет элдиктерге уят болбойбузбу?". Мындай суроолор менен редакцияга балыкчылык тургундар бир канча жолу кайрылышкан. Kaktus.kg редакциясы кайрылуулардан ула. Балыкчыга барып, шаардын тазалык маселеси менен таанышып кайтты.

"Шамалдан улам таштанды талаасын тор менен курчадык"

Чындыгында эле Балыкчыда көп жылдардан бери тазалык маселеси курч болуп келген. Муну жергиликтүү жашоочулар айтпаса да, шаардан көлдүн түндүк жана түштүк тарабына кетип бараткандарга көрүнүп турчу. Желим баштыктар чий, тикенектерде "жүгүнгөн келиндердей" тизилип, көл тарапты каптап калчу. Азыр андай көрүнүш жок, бирок Балыкчы шаарынын мэриясына караштуу "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык" муниципалдык ишканасы маселе толук чечилбей жатканын моюндады. Себеби, Балыкчынын шамалы таштанды талаасындагы желим баштык, полиэтилен башыктарынын баарын учуруп, кышкысын абал мындан да курчуйт дейт.

Муниципалдык кызмат желим баштык менен күрөшүүнүн өзгөчө методун ойлоп тапкан. Алар таштанды таштоочу талааны кадимки тор менен курчап коюшкан. Шамал болгондо торго жабышкан желим баштыктарды кызматкерлер чогултуп турат. Муну менен "ак кардай" болуп көл жээкке чейин чачылган желим баштыктардын 70 пайызын тазалап жатабыз дейт ишкананын жетекчиси Эдилбек Токонбаев.

"Бизде "Улан" деген катуу шамал бар. Көбүнчө катуу шамал ушул тараптан келет. "Основной напряг" ушул жерге келет. Бул жерди биздин интернет баракчалардан деле көрсө болот. Катуу шамал болгондо бул кулап калат. Целлофан жабышканда кулайт. Эртеси күнү келип, терип, кулагандарын кайра оңдойбуз. Кулап калгандарын кайра жасайбыз, ачык айтканда", - дейт ал.

"Шамал ар кандай багыттарда жүрөт. Эң катуу шамал капчыгай жактан келет. Торлорду жулуп кетет. Себеби, желим баштыктар торго жабышып, толуп калат. Андан кийин администрация келип тазалатат. Жыйнашат, өрттөшөт. Аңдар бар. Ал жакка көмөт. Бул жерге көп түрдүү таштандылар түшөт да. Алардын баарын чогултуп, топуракка аралаштырат. Таптап анан жок кылышат. Кээде күн тийгенде булар ысып, өрттөнүп да кетет. Ысыганда өрт чыгып кетет да. Негизгиси ошол", - дейт таштанды талаасындагы кызматкер Тейитбек Балкыяев.

Жарандардын кайдыгерлиги

Ишкана жетекчиси менен бирге жергиликтүүлөр маселенин толук чечилбей жатканына жашоочулар да күнөөлүү дейт. Себеби, алар таштандыларды белгиленген чекиттердеги чакаларга салбай көчөөгө таштап же талаага ыргытып, алар көл жээкке шамал менен учат. Мындан улам жергиликтүү жашоочу Балыкчынын жашоочулары менен келип-кетип жаткан конокторду тазалыкты сактоого, тартипке чакырды.

"Элдин өзүнөн болуп жатат. Өзүбүздөн баштасак. Айтсаң жаман көрөт. Мисалы, Бишкектен келгендер таштандыларынын баарын ушул жактарга ыргытып кетишет. Балбаалатып ыргытышат, балдарына беришет. Балдары ар кайсы жерлерге таштап кетишет. Ошолорду таштанды челегине салып койсо эле таза болмок да. "Тазалык" кызматы колунан келишинче эле иштеп жатат. Менин көз карашымда учкан желим баштыктар тикенектерге барып жабышып калган. Өзүңүздөр деле көрсөңүздөр болот. Мисалы, дүкөндөргө кагаз баштыктарды даярдашса болмок. Башында жакшы эле башташты эле. Азыр кайра эле желим баштыктарга өтүп кетишти. Анан элдин маданияты. Элди тазалыкты сактоого үйрөтүү керек", - дейт жашоочу.

Учурда Балыкчы шаарынын мэриясына караштуу "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык" муниципалдык ишканасына 10дон ашуун милдет жүктөлгөн. Ал таштанды маселеси эле эмес, тыгын маселесин чечүү, жарыктандыруу, жол белгилери жана башка.

"Бул жерде төрт эле адам кызмат кылып жатат. Бул жердин бир кароолчусу, мастер анан эки кызматкери бар. Шаар боюнча күнүнө 26 куб таштанды чыгып турат. Шаарда биз тейлеп келе жаткан 161 көчө бар. Жалпы чака режими деп коюшат. Чакалап чыгарышат. Аны чыгарган боюнча төрт унаа иштейт. Ал эми бактарды, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерди жана жеке тараптарды тейлеген дагы төрт унаа бар. Ошондо сегиз унаа менен биз шаарды тейлейбиз", - дейт жетекчи.

"Полиэтилен баштыктары көкөйгө жетти"

Аталган кызматтын жетекчиси жумушчу штатты көбөйтүү жана алардын айлыгы тууралуу маселе бар экенин айтып, сунуш берилгенин кошумчалады. Ал таштанды таштоочу талаага таштанды иргөөчү, кайра иштетүүчү заводу керек деп эсептейт.

Эдилбек Токонбаев бул желим баштыктар элдин эле эмес "Тазалык" кызматынын да көкөйүнө жеткенин баса белгиледи.

"Тазалык ишканасы биз жалгыз жетишпейбиз. Аянт чоң. Жарандардын жана коомдун аң-сезими, "таза кармайлы, тазалайлы, кызматкерлердин эмгегин сыйлайлы" деген түшүнүгү болсо жакшы болмок. Себеби, бүгүнкү күнү полиэтилен баштыктары биздин да көкөйгө жетти. Себеп дегенде, жарандарыбыз баштыкты алат да ыргытып коёт. Ошону жок дегенде түйүнчөк кылып ыргытса учпайт эле.

Андан тышары, таштандыны чыгарып жатканда иргетүү маданиятын киргизсек жакшы болмок. Ошону үйдөн баштасак. Себеби, өсүп келе жаткан муунга да түшүндүрсөк. "Ай ыргытпа! Бул сенин келечегиң, шаар сага калат, сага биз табиятты өткөрүп беришибиз керек" деп үйрөтсөк", - деп кайрылды "Тазалык" кызматынын жетекчиси Эдилбек Токонбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16480