Ошто блогер Гүлпери Жанышбековна кармалды. Ал мунун артында Кара-Суунун акими турат дейт
RU

Ошто блогер Гүлпери Жанышбековна кармалды. Ал мунун артында Кара-Суунун акими турат дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто милиция кызматкерлери жергиликтүү блогерди кармашты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө.

Кармоо 29-июнда болгон. Баш тамгаларга караганда, кеп Гүлпери Жанышбек кызы жөнүндө болуп жатат (социалдык тармактарда ал Гүлпери Жанышбековна деген ат менен таанымал. - ред Kaktus.media).

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, С.И. аттуу жаран милицияга кайрылып, блогер акча талап кылгандыгы тууралуу билдирген. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-берениси (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү болгон Ж.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Блогер өзү муну Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев уюштурганын айтууда. Жанышбек кызы аким тарабынан ага карата коркутуулар болуп жатканын 27-июнда, камалаардан эки күн мурун жазган.

Фейсбук жана ТикТок баракчаларына караганда, Жанышбек кызы акыркы убакта Абыкеевди сындаган видео жана материалдарды жарыялаган. Булар жазган мазмундагы басылмалар же Камчыбек Ташиевдин же башка блоггерлердин сөзүнөн үзүндүлөр болушу мүмкүн.

Темирболот Абыкеев өзү ага тагылган айып боюнча комментарий бере элек.

26-июнда Кара-Суунун акими журналисттердин колунан камераны алып, буттарын сындырууну убада кылганы белгилүү болгон. Мэр бул айыптоолорду четке кагууда. Темирболот Абыкеев КР президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16498