"Медиахолдинг "Пирамиданын" эфирге чыга баштаганына 30 жыл толду
RU

"Медиахолдинг "Пирамиданын" эфирге чыга баштаганына 30 жыл толду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

- Дооронбек Адаханович, быйыл "Медиахолдинг "Пирамиданын" эфирге чыга баштаганына 30 жыл толуп олтурат. Чын дилибизден куттуктайбыз! Сиз канча убакыттан бери башкаруучулук кызматты ээлеп келе жатасыз жана каналда эфирдин сапаты жагынан, ишти уюштуруу жагынан кандай өзгөрүүлөр болду? Деги эле, директорлук кызматка келгенден кийин телеканалдын жамаатына кандай милдеттерди койдуңуз?

- Негизи, мен 2016-жылы "Медиахолдинг "Пирамида" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары кызматына дайындалган элем. Албетте, бул убакыт аралыгында оош-кыйыш учурлар көп болду, бирок ынтымактуу коллективдин жардамы аркылуу жаңы дем менен кубатталып, алдыга умтула бердик. Ал учурда канал миллиондогон карыздары менен кризиске малынып турган жана өнүгүүнүн так планы болгон эмес. Биз узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыктык: медиа көрсөтүүнүн стили, форматы жаңыртылды, жаңы максаттуу аудиторияны аныктоо боюнча иш жүргүзүлдү. Жаңы теледолбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Анан дагы эң маанилүүсү – "техникалык төңкөрүш" жасалды. Эң акыркы үлгүдөгү камералар сатылып алынып, ТВ көрсөтүүлөрүн HD форматында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, санариптик көрсөтүүгө өттүк, ошондой эле таңкы көңүл ачуучу программалардын жана жаңылыктардын студияларына LED экрандары орнотулду. Жалпысынан материалдык-техникалык базаны жакшыртууга бир топ каражат жана эмгек жумшалды. Мурда транспорт каражатынын жоктугунан кызматкерлер шаарды кыдырып, шаар четиндеги съемкаларга баруудан кыйналышчу. Жаңылыктар бөлүмүнүн, таңкы программалардын жана медиа долбоорлорго катышкандардын бардыгы үчүн жеңил жана кызматтык унаалар сатылып алынды.

- Кандай долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат? Жана биздин окурмандарга каналыңыздардын редакциялык саясаты жөнүндө айтып берсеңиз.

- Бул жерде 2010-жылдан бери Пирамиданын жаңылыктар бөлүмү ишин токтотуп салгандыгын, кызматкерлер акысыз эмгек өргүүсүнө бошотулгандыгын белгилей кетүү керек. Арадан алты жыл өткөндөн кийин, орус жана кыргыз редакциялары өз ишин жандантып, көрүүчүлөр үчүн да, кесипкөй адистер үчүн да кызыктуу, өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен видео продукция чыгара баштады. Биз процесске жогорку сапат жана чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, өзүбүздүн жеке контентти түзгөнгө аракет кылуудабыз. Мисалы: "Убада жана аракет", "Акцент", "Акцент город", "Достук көпүрөсү"(Мост дружбы), "Чай үстүндө сырдашуу", "Таңкы тамаша", "Турмуш", "Парламент", "Күн тартибинде", "Дайым даамдуу" жана "Санжыра", "Атилла – Улуу Кыргыз баатыры", "Элчи", "Укурук", "Жарым кашык музыка" сыяктуу көптөгөн долбоорлор бар. Ошондой эле "Пирамида жумалыгы", "Итоги на Пирамиде" сыяктуу ТВ жаатындагы кеңири жайылган аналитикалык программалар дагы биздин команданын келиши менен эфирге сунула баштады. Ар аптанын Шаршемби жана Бейшемби күндөрү парламенттин жыйындары биздин канал аркылуу түз алынып берилет. Албетте, биз ыкчам маалымат жеткирүү жагынан электрондук ЖМКлары менен атаандашпайбыз. Телевидениеде бир материалды эфирге даярдоо жараяны узагыраак: барып тартып келүү, монтаж жасоо, текст жазып аны окуу сыяктуу процесстери бар. Бирок бизде болуп жаткан окуяларды талдап чыгууга мүмкүнчүлүк бар жана материалды чыгарууга даярдоодо жаңылыктарды мүмкүн болушунча кызыктуу кылууга аракет кылабыз. Тагыраагы, окуяны ар тараптуу талдоо менен темага байланыштуу серепчилердин ой-пикирин угуп көрүү.

- Бизге белгилүү болгондой, телеканал өзүнүн жайгашкан жерин дагы алмаштырыптыр.

- Туура. Буга чейин медиахолдинг Жантөшев көчөсүндөгү бир кабаттуу жеке комплекстин имаратында жайгашчу. Анан ал жакта эң жөнөкөй дагы шарттардын болбогондугун моюнга алуу керек. Коридорлорубуз тар, иш бөлмөлөрү дагы кичинекей, дааратканалары эски эле, жалпылап алганда, кеңсебиз "кытай кварталын" элестетчү(күлүп). Азыр болсо "Пирамида" Кулатов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Учкун" басмаканасында, жетинчи жана алтынчы кабаттарда жайгашкан. Учурда коллектив журналисттер, техникалык кызматкерлер, програмисттер, офис менеджерлери жана айдоочулардан турган 70 чакты кызматкерден турат.

- Соңку бир нече жылдын ичинде биз эл аралык медиа компаниялар менен кызматташууңуздардын өнүгүп жаткандыгына күбө болдук. Алар тууралуу да кеп кыла кетсеңиз.

- Кызыктуу сурооңузга рахмат! Жети жылдан бери мультимедиалык горизонтту кеңейтүү боюнча эбегейсиз иш жүргүзүлүп келет. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү көптөгөн эл аралык телеканалдар менен келишимдер түзүлдү. Бул убакыт аралыгында каналыбыздын көрүүчүлөрү эки эсе артты. Биз дагы, өз кезегинде, өнөктөштөрүбүздөн мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алууга кызыкдарбыз. Германиянын ири эл

аралык телерадио компаниясы "Deutsche Welle", "Russia Today" компаниясынын курамына кирген "Ruptly" видео агенттиги сыяктуу тв-гиганттары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Жапон элчилигинин жана Жапон фондунун колдоосу аркылуу бир нече популярдуу сериалдарды көрсөттүк. Ошондой эле, Корея элчилигинин колдоосу менен анимациялык жана көңүл ачуучу контент тартууланды.

Мындан тышкары, "Российская газета в КР" жана "Вечерний Бишкек" сыяктуу басма сөз каражаттары менен медиа келишимдерге кол коюлду. Эл аралык "Түркел" медиа уюму менен кызматташуунун аркасында "Достук көпүрөсү" жана "Дипломат" программалары эфирге чыгып жатат. Ошондой эле "Түркел" медиасынын атынан Түркия, Азербайжан жана Грузия мамлекеттеринде "Пирамиданын" өкүлчүлүктөрү корпункттары менен

ачылганы жатат. Чет мамлекеттердин Кыргызстандагы бардык элчиликтери менен өнөктөштүк тездик менен өнүгүүдө. Мыкты корреспондент жана кесипкөй адистер менен тажрыйба алмашуу максатында биздин кызматкерлердин чет мамлекеттерге командировкалык сапарлары ишке ашырылды.

- Каналыңыздардын салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде жасаган чоң секиригине караганда, келечекте каналды өзгөртүү боюнча чоң пландарыңыз болсо керек?

- Алгачкы сурооңузга жооп бере кетейин. Былтыркы жылдан бери телеканалды жетектеп келем. Ошол учурдан тарта эле, компанияны атаандаштыкка жөндөмдүү медиа рынокто өркүндөтүү үчүн менин мойнума чоң жүк түштү. "Пирамиданын" 30 жылдыгына карата ири иш-чара өткөрүүнү пландап жатабыз, ага чет элдик коноктор, биздин чет элдик өнөктөштөр, Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмерлери чакырылган. Башкы коногубуз - Кыргыз Республикасынын Президенти. Учурда биз уюштуруу иштери менен алекпиз, процесс кызуу жүрүп жатат, убакыт аз калды. "Пирамида" телеканалынын түптөлүшүнө салым кошкон адамдардын жасаган бардык чыгармачыл эмгектерин көрсөткүбүз келет. Концерттик программаны жогорку мааракелик деңгээлде уюштуруп, көңүлдөрдү көтөрүп, бир азга болсо да ар кайсы муундун белгилүү инсандарынын башын

бириктирген, өз уясынан учурган, эл сүйгөн "Пирамиданын" өркүндөө, солгундоо жана жандануу дооруна көз чаптырганга аракет кылуудабыз. Сиздерди дагы иш-чарабызга келип кетүүгө чакырабыз.

- Чакырууңузга ыраазычылык билдиребиз! Дооронбек Адаханович, маегиңиз үчүн рахмат. Бардык пландарыңызды жана идеяларыңызды ийгиликтүү ишке ашырып алууңузга тилектешпиз!

- Каналыбыз жөнүндө маалымат берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергениңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык. Акырында бир кулак-кагыш кылып кетким келип турат. "ПИРАМИДА" – бул алгач табылган, бирок кийин жонуп курчутулган таш сымал. Эми мен, биздин ынтымактуу команданын аракетинин арты менен бул таштын чыныгы асыл ташка айланып, өз кырын таап алуусу үчүн болгон күч-аракетимди жумшаймын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1649