17 жаштагы бала туугандарына конокко келген. Кийин аны асынып алган жеринен табышты
RU

17 жаштагы бала туугандарына конокко келген. Кийин аны асынып алган жеринен табышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын 17-май күнү саат 01: 07де Панфилов РИИБcине "102" кызматы аркылуу Вознесеновка айылындагы сарайда жашы жете элек өспүрүм асынып алган жеринен табылды деген билдирүү түшкөн.

Дароо Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу ошол жерге жөнөтүлүп, каза болгон жаран А.А. 2004-жылы туулгандыгы тастыкталган.

Бул факт облустун Ички иштер башкармалыгынын Бирдиктүү кылмыштарды каттоо боюнча тизмеге тиркелип. Сотко чейинки өндүрүш башталды. Экспертиза жүрүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан А.А.нын өлүмү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын себептери аныкталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 17 жаштагы А.А. Кара-Балта шаарында 2001-жылы туулган бир тууган агасы А.В. менен жашачу. Жогорудагы окуя Вознесеновка айылындагы туугандарыныкына конокко барганда болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1655