Улуттук банктын башчысы: Кумтөр боюнча тескөөлөр кыйыр түрдө сомдун кунуна таасир этет
RU

Улуттук банктын башчысы: Кумтөр боюнча тескөөлөр кыйыр түрдө сомдун кунуна таасир этет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мейкинбек Абдалиев кыргыз сому түздөн-түз Кумтөрдөн көз каранды деп мурунку президент Аскар Акаев айтыптыр, ошол чынбы, деп бүгүн, 19-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов андай эмес экенин билдирди. Анын айтымында, улуттук валюта эркин сүзүү режиминде, ошондуктан бир нерсеге, өзгөчө Кумтөр компаниясына байланыштуу болуусу мүмкүн эмес, деп жооп кайтарды.

"Демек, экс-президент калп айткан болуп калабы? Алдыда боло турган Кумтөр боюнча соттук тескөөлөр сомдун туруктуулугуна таасир этпейт, деп кепилдик бере аласызбы?" - деп депутат сурады.

Абдыгулов сомдун кунуна түздөн-түз таасир этпейт, бирок кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн - чет элдик инвестициялардын агымы, акчалай которуулар, ички капиталдын агымы, экономиканын абалы. Андан тышкары, АКШнин жүргүзгөн акча саясатына байланыштуу сырткы факторлор да бар.

"Бирок биз бул кесепеттерге даярбыз", - деди ал.

Андан тышкары, депутат Осмон Турдумамбетов арбитраждык соттогу тескөөлөр Улуттук банкта сакталган эл аралык резервдерге терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү, деп кызыгып сурады.

"Улуттук банк тууралуу" Мыйзамга ылайык, регулятор өкмөттүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошондой эле өкмөттүн да Улуттук банктын алдында милдеттенмелери жок.

"Эл аралык резервдердин калканы ошол. Макулдашууларга ылайык, Улуттук банк эч качан мамлекетке коюлган доо-арыздар боюнча жоопко тартылбайт. Анткени Улуттук банк бюджеттин эсебинен каржыланбайт. Банктын менчиги өкмөттөн өзүнчө бөлүнгөн, башкача айтканда автономдуу түрдө иш алып барабыз. Улуттук банк кыргыз элинин менчиги, бирок өкмөттүкү эмес. Бюджетти Улуттук банктын активдери менен аралаштырууга болбойт. Сурооңуз абдан туура берилди. Бирок кырдаал кандай болуп кетет белгисиз. Биз да силерге окшоп байкап, андан кийин иш кылабыз", - деди банктын төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1656