Март айында Өзгөндө криминалдык авторитет атылган. Азыр анын жандоочтору колго түштү
RU

Март айында Өзгөндө криминалдык авторитет атылган. Азыр анын жандоочтору колго түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын февраль айында эки адам Өзгөн районунда 26 жаштагы жергиликтүү тургунду түндө бычак менен сайып, андан кийин из жашырганы кабарланган.

Кийинчерээк, март айында, Өзгөн районунда ок атуучу куралды колдонуп, эки жолу адам өлтүрүлгөндөн кийин, Ички иштер министрлигинин аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулуктун субъектилери катышкан кылмыш ишин козгоону талап кылган. Анын ичинде көрсөтүлгөн бейбаштык фактысы боюнча.

14-майда Өзгөн шаарынын көчөлөрүнүн биринде кылмышка тиешеси бар 1986-жылы туулган М.А жана 1997-жылы туулган М.Н кармалган. УКМКнын региондор аралык дирекциясы билдиргендей, экөө тең ИИМдин ыкчам реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана кримавторитет М.Ш.нын жакын санаалаштары экени белгилүү болгон.

ИИМ маалымдагандай 19-март күнү Өзгөн районунда 31 жаштагы эки эркек адам жана 21 жаштагы жигит отурган унаага кол салуу болуп, ок чыгарышкан. Натыйжада, экөө ооруканага жетпей каза тапкан. Өлтүрүлгөндөрдүн бири кылмыш дүйнөсүндө "положенец" статусундагы 1990-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран болчу.

Көп өтпөй өлтүрүүгө шектүү катары Өзгөн районунун тургуну кармалган. Азыркы учурда дагы бир шектүүнү кармоо аракеттери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1663