Көлдө 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти
1932
Ысык-Көлдүн Бостери айылында 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Тилекке каршы, жигитти сактап калуу мүмкүн болгон эмес. облустук ички иштер башкармалыгы окуя 14-июлда болгонун билдирди.
Бостери айлындагы көл жээктердин биринде 2006-жылы туулган жигит сууга чөгүп каза болгону тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон жигит Бишкек шаарынын тургуну экени такталган. Маркумдун жакындары кырсык боюнча арыз жазуудан баш тартышкан.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16664