Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Каза болгондор Аида Касымалиеванын ата-энеси экени маалым болду
RU

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Каза болгондор Аида Касымалиеванын ата-энеси экени маалым болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө катталган жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси каза болду. Бул тууралуу редакцияга укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Автокырсык кечээ, 17-июлда болжол менен саат 18:15 чамасында катталды Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунда (Өрнөк айылы) катталган. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн.

Маалым болгондой, кырсыктан Кыргызстандын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси - Toyota Avensis унаасынын 68 жаштагы айдоочусу, анын жубайы 68 жаштагы М.Б. жана алардын 9 жаштагы небереси М.К. каза болду. Каза болгон бала Касымалиеванын агасы Мыктыбек Касымалиевдин уулу. Мыктыбек Касымалиев Ош облустук сотунун мурдагы судьясы, учурда Өзгөн райондук сотунун судьясы.

Kaktus.kg редакциясы Аида Касымалиеванын жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16694