Кемин тарапты көздөй кеткен. 79 жаштагы Кубанычбек Чымырбаев дайынсыз болуп изделүүдө
RU

Кемин тарапты көздөй кеткен. 79 жаштагы Кубанычбек Чымырбаев дайынсыз болуп изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 79 жаштагы Кубанычбек Чымырбаев дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 10 күндөн ашык убакыттан бери табылбай жаткандыктан жакындары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1945-жылы туулган Кубанычбек Чымырбаев 7-июлда саат 14:00 чамасында Бишкектин чыгыш автобекетинен белгисиз маршруттук таксиге отуруп, Кемин тарапты көздөй кеткен. Андан кийин Чымырбаев дайынсыз жоголгон. Жакындары аны издөөгө жардам сурап Кемин РИИБине кайрылышкан.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

  • Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто салмакта, чачтары кара.
  • Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: боз түстөгү спорттук кийим, бутунда кара туфли болгон.
  • Өзгөчө бнлгилери: өнөкөт оорулар менен жабыркайт, инсульттан кийин эс-тутуму жарым-жартылай жоголгон, бутунун тизеден ылдыйкы бөлүгүндө экзема бар, тырмактары кочкул көк.

Эгерде Чымырбаевдин жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну жакындары жана милиция өтүнөт. Байланыш номерлери: 0312 616841, 03135 50280 (нөөмөт бөлүмү) же 0706 455788, 0701 886295.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16707