Ташиев: Селден улам үйлөрү бузулгандарга 500 миңден 1 млн сомго чейин кенемте берилет
RU

Ташиев: Селден улам үйлөрү бузулгандарга 500 миңден 1 млн сомго чейин кенемте берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 30-июлга чейин Ош шаарында жана Ош облусунда селден улам турак жайлары жабыркагандардын бардыгына компенсация төлөнөрүн айтты. Комитет башчысы бүгүн, 19-июлда сел жүргөн аймактагы абал менен таанышуу үчүн Ошко барып, эл менен жолукканда билдирди.

Ташиев белгилегендей, компенсация төмөнкүлөргө берилет:

  • Үйү жараксыз болуп калгандарга 1 миллион сомдон (авариялык абалдагы үйлөр 76), ал эми капиталдык оңдоого муктаж болгон үй ээлерине 500 миң сомдон (капиталдык оңдоого 56 үй муктаж) берилерин берилет. Буга акимдер жана облус башчылары жооптуу экенин баса белгиледи.
  • Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация катары 1 миллион сомдон төлөнө турганын кошумчалады.
  • Андан тышкары зыян тарткан борбордук базардын соодагерлерине 100 миң сомдон берилет.

Айтымында, селден улам 750 контейнердеги товарлар аккан. "Менин товарым агып кетти" деп кол көтөрүп, чуркап чыгып кыйкыргандарга эмес, каттоосу бар, салыкты төлөп, патент менен иштеп жүргөндөргө гана 100 миң сомдон беребиз. Мындан ары биздин жарандарыбыз мыйзамга баш ийүүнү билиш керек", - деди Ташиев.

УКМК башчысы кошумчалагандай, Ош шаарындагы борбордук базар көзөмөлгө алынып, эки айдын ичинде башка жерге көчүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16710