Көлдө 12 жаштагы бала сууга чөгүп бараткан аялдарды куткарып калды
RU

Көлдө 12 жаштагы бала сууга чөгүп бараткан аялдарды куткарып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү Каракол шаардык пляжына жакын жерде көлгө чөгүп бараткан үч аялды куткарылды. Аларды жээкте эс алып жүргөн 12 жаштагы бала куткарды дешет облустук милициядан.

Окуя бүгүн, 20-июлда болду. Көл жээкте апасы, карындаштары менен эс алып жүргөн Алинур жардам сураган үндөрдү уккан. Анда эс алып жүргөн аял толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган. Ага жардам бермекчи болгон эки адам да чөгө баштаган. Буга күбө болгон Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган дешет башкармалыктан.

Алинур Туратбеков Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын уюштуруу - тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу. Ал самбо күрөшү менен машыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16719