Бишкекте автобуста бараткан 54 жаштагы жүргүнчү каза тапты
RU

Бишкекте автобуста бараткан 54 жаштагы жүргүнчү каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги коомдук автобуста жүргүнчү каза болду. Кайтыш болгон жаран чет элдик экенин редакцияга Ленин РИИБден билдиришти.

Окуя бүгүн, 24-июлда болгон. Болжол менен саат 11:47 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде бараткан коомдук автобустун жүргүнчүсү каза болуп калгандыгы кабарланган.

Аталган факты Ленин РИИБи тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жарандын өздүгүн тактаган. Маркум 1970-жылы туулган С.М. аттуу чет элдин жараны экени аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуяга күбө болгон адамдарды аныктоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16758