Эркин күрөш боюнча коло медалдарга ээ болгон курама команда Бишкекке кайтып келди
RU

Эркин күрөш боюнча коло медалдарга ээ болгон курама команда Бишкекке кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-декабрда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Белград шаарында (Cербия) өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунан Бишкек шаарына кайтып келишти.

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Ислам Орозбековдун жеке машыктыруучусу Ислам Тазабеков, жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Асеин Төрөгелдиев, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Алмаз Аскаров тосуп алышты.

Жалпысынан жеке Дүйнө кубогунда эркин күрөш стилиндеги балбандар 2 коло медалга ээ болушту: Ислам Орозбеков 70 кг чейинки салмактык категорияда жана Айаал Лазарев 125 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогунун алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер 15-19-декабрь күндөрү өттү.

Курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жиберилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/167