Аялынын 16 жаштагы жээнин зордуктап, ага венерикалык оору жуктурган
RU

Аялынын 16 жаштагы жээнин зордуктап, ага венерикалык оору жуктурган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун Новопавловка айылында 1986-жылы туулган К.Э.О., аялынын жээни 16 жаштагы Назираны (Ж. К. Н.) зордуктап, венерикалык оору жуктуруп салган. Сот аны 7,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Сокулук райондук сотунун аныктамасында маалымдалгандай, убактылуу жумушсуз отурган Эркин (К.Э.О) 2019-жылдын 12-октябрынан 13-октябрга караган түнү Новопавловка айылындагы үйдөн аялынын жашы жете элек жээнин күч менен чечинтип, зордуктап салган.

Ал аны кыздык намысынан ажыратып, өнөкөт ооруну жуктурган. Андан кийин кыздын ата-энеси Бишкекке келгенге чейин Россияга качып кеткен.

Сотто Эркин күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, ошол күнү көп ичип алганын айткан. Ал аялынын жээни жашы жете элек экендигин билген. Окуя болгон түнү аялы тойго кетип үйдө бөлөк киши болгон эмес.

Мындан тышкары ал кыз менен атайылап сексуалдык байланышта болбогонун, бирок аны аялы менен чаташтырып алганын кошумчалаган. Башка нерселерди эстей алган эмес.

14-октябрда Назиранын апасы жубайынын эжеси чуу салгандыгы үчүн, кечирим сурап, Россияга кетип калган.

Кыздын апасы Г.А., ошол күнү алар Тогуз-Тородогу тойдо болуп, 15-октябрда келишкенин айткан. Кайтып келишкенден кийин, алар кичүү кызынын туулган күнүн белгилеп жатышкан, ошол учурда Назира зордуктоо тууралуу апасына жана жеңесине айтып берген, алар өз кезегинде энесине айтышкан. Аял ошол эле күнү күйөө баласыныкына барган, бирок аны тапкан эмес, анткени күйө баласы 13ү түнү менен Россияга уча качкан.

Кыздын энеси кызынын кимдир бирөө менен жыныстык катнашта болгон-болбогонун билген эмес.

Ошондой эле, Назиранын апасы каршы арыз жазып, сот отурумунда андан баш тартпагандыгын тастыктады.

Жабырлануучунун айтымында, 12-октябрда таежесинин күйөөсү ага телефон чалып, алардын үйүнө барып, кечки тамак жасоосун өтүнгөн. Ал так ошондой кылган. Эркек түнү саат 01:00 чамасында мас абалда үйүнө кайтып келген. Кыздын көрсөтмөсүндө, ал уктап жатканда таежесинин атын атап, чечиндире баштаган. Ал коркконунан ооз ачып үн ката алган эмес, ал эми Эркин колу менен кыздын оозун жаап зордуктап салган. Качан Назира аны коё бер деп суранганда, эмне үчүн буга чейин унчукпай койгонун сураган.

Назира өз көрсөтмөсүндө 2-3 ай мурун Рамис аттуу жигити менен жыныстык катнашта болгонун белгилеп, бирок ага чейин балдар менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалаган. Ошондой эле ал жездеси таэжеси менен чаташтырып алуусу мүмкүн экенин айткан.

Эркиндин аялынын айтымында, 12-октябрда ал Тогуз-Тородо тойдо болгон жана зордуктоо жөнүндө жээнинен уккан. Бирок, күйөөсү баарын четке кагып, коркконунан Россияга качып кеткенин айткан.

Сот Эркиндин күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы менен далилденди деп тыянак чыгарган. Алардын айтымында, экспертизанын жыйынтыгында кыздын кыздык намысы жоголгон, ошондой эле кандидоздук вулвит - венерикалык ооруну жуктуруунун белгилери аныкталган.

Экспертиза Эркинден психикалык оорунун белгилерин тапкан жок, ал акыл-эси жайында деп табылды.

Колдо болгон далилдердин негизинде сот айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратып, камакка алынган.

Анткен менен, 7-майда Сокулук райондук соту Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жарыялап, анын мөөнөтүн үч эсе кыскарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1687