Бишкек-Кара-Балта жолун кайрадан суу каптады. Марипов бул маселени өзү көзөмөлдөйм деген
RU

Бишкек-Кара-Балта жолун кайрадан суу каптады. Марипов бул маселени өзү көзөмөлдөйм деген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолун дагы бир ирээт суу каптады. Жүрүүчү унаа жолу Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна таандык, аны калыбына келтирүү иштери бир нече жылдан бери бүтпөй келет.

Белгилей кетсек, жолдун аталган бөлүгүндө суу ташкыны биринчи жолу болуп жаткан жок, ушул жылдын апрель айынын башында дагы суу каптаган. Анда Улукбек Марипов суу ташкыны көйгөйүнүн чечилишин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айткан.

6-апрелдеги өкмөттүн жыйынында Улукбек Марипов Бишкек-Кара-Балта унаа жолун калыбына келтирүүгө катышкан чиновниктерди сынга алып, жолугушуунун жыйынтыгында, тез арада сунуштарды киргизүүнү жана бул көйгөйгө тийиштүү инженердик маселелерди чечүүнү тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1690