Тууганын түрмөдөн бошотуу үчүн 5 миң доллар берген. Кийин алданып калганын жар салды
RU

Тууганын түрмөдөн бошотуу үчүн 5 миң доллар берген. Кийин алданып калганын жар салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын май айында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына бир адам кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, 2020-жылдын ноябрь айында белгисиз адам анын ишенимине кирип, тууганын түрмөдөн чыгаруу маселесин чечип берем деп, андан 5000 доллар алып, из жашырып кеткен. Кийин арыз ээси алдамчынын курмандыгы болуп калгандыгын түшүнүп, ички иштер органдарына кайрылууну чечкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 1973-жылы Нарын облусунда туулган М.А., ИИМдин ыкчам реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандыгы аныкталган. Криминалдык полиция кызматынын маалыматы боюнча, буга чейин ал адам уурдоо, мыйзамсыз түрмөгө отургузуу, опузалап акча өндүрүү жана курал сактоо боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылганы белгилүү болду.

Шектүү жашаган жерине келген эмес. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында анын кайда жүргөнү аныкталып, кармоо иши Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлдү деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1691