Бишкекте кезектеги жарманке 22-23-майда өтөт. Сабиз 25 сомдон, пияз 20 сомдон сатылат
Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтчү даректери:
1. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
2. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
22-23 майларда өтө турган айыл чарба жарманкесиндеги сунушталган баалар.
- Уй эти - 380-420 сом
- Жылкынын эти - 380-420 сом
- Кой эти – 390-410 сом
- Тоок эти – 180-200 сом
- Күн карама майы-130-170
- Тооктун жумурткасы 10 даана - 75-95 сом
- Кум шекер – 56 сом
- Күрүч - 75-120 сом
- Алма - 80-120 сом
- Сабиз – 25 сом
- Картөшкө - 28 сом
- Пияз – 20 сом
Сүт азыктары, ун азыктары жана башка азыктардын баалары 10-15% базар баасынан төмөн болот.
Жарманкеге катышуучу компаниялардын тизмеси:
ЖЧК "Аз Медиа групп", ЖЧК " Дельфин трейдинг", ЖЧК "Альфа Трейд", ААК " Кайынды Кант", ЖЧК "Витал Виста", ЖЧК "Ак-Куу", ЖЧК "АлХалал", ЖЧК "Адал Азык", ЖЧК "Арген", ЖЧК "Билайф", ЖИ Мырзабекова А.А, ЖИ Темиров Бекболот, ЖИ "Жети Баттыр", ЖИ "Сокеев", Фермерлер: Урмат Бай, "Народный Фермер", Исраев Бектемир, Ирсалиев Улан, Жумагулов Б.А, Маян Халима Якубе, Меваза Рашид, Мабо Арли Мухаммед.
Кошумча маалымат үчүн байланыш номерлер: 0771 949499, 0509767611