Унаанын багажынан 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды
RU

Унаанын багажынан 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Daewoo Lacetti унаасынын багажынан Ош облусунун 21 жаштагы тургунунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 23-майда Ноокат райондук кафелеринин биринин аймагынан Daewoo Lacetti унаасынын багажнигинен ар түрдүү жаракат алган жигиттин жансыз денеси табылган.

Маркум 2000-жылы туулган Б уулу А. Ноокат районунун тургуну болуп чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин эки шектүү кармалып сурак берүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1714