Максат ажы Токтомушев Москвада жүрөт. Бирок ал сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу
RU

Максат ажы Токтомушев Москвада жүрөт. Бирок ал сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-муфтий Максат ажы Токтомушев кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары каттоого алынып, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Учурда ал Москвада экен. РФтин борбор шаарында жүргөнүн тастыктаган видеону ал өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырган.

Токтомушев аэропортто жүргөн, андан тышкары Мавлид түнүн мечитте тосуп жаткан бир нече видеолорун чыгарган.

Мындан мурун Кыргызстандын муфтияты 23-майда, Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" жыл сайын уюштурулуучу "Мавлид ан-Набий" кечеси өтөт, деп маалымдаган.

Токтомушевдин юристи анын жакталуучусу тергөөчүнүн уруксаты менен өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүн, деп божомолдоду.

Бишкектин Биринчи май сотунда тергөөчү судьяга уруксат берүү арызы менен кайрылган эмес, деп Kaktus.media'га билдирип, "Тергөөчү өз алдынча чечим чыгарып, уруксат бере алат", - деп жооп беришти.

Токтомушевдин кылмыш ишин УКМК алып барууда. Азырынча ведомоство эмнени негизинде Максат ажы Токтомушев Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиги боюнча комментарий бере элек.

Мындан бир нече ай мурун Токтомушев кармалып, СИЗОго жеткирилген болчу. Аны жана муфтияттын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири олчөмдө пара берген деп шектелүүдө. Андан тышкары Токтомушевге ажыга бара турган зыяратчылар берген каражатты колдонуп, финансылык мыйзам бузууларды ишке ашырган деген кине коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1738