Кара-Суу районунун акими кылмыштуу топтун лидери менен алакасы бар деген кинеге жооп берди
RU

Кара-Суу районунун акими кылмыштуу топтун лидери менен алакасы бар деген кинеге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев басма сөз кызматы аркылуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушев менен үй-бүлөлүк байланышы бар деген маалыматка комментарий берди.

Ал уюшкан кылмыштуу топ менен эч кандай байланышы жок экенин жана ага карата айтылган айыптоолор караандай калп экенин айткан.

"Мен бардык күч-аракетимди элге кызмат кылууга арнайын деп ниеттенип жатам. Менин дарегиме айтылган ар кандай ушак-айыңдар чындыкка дал келбейт. Мен өмүрүмдө бир дагы жолу кылмыш жасаган эмесмин", - деди ал.

Ногоев ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Бокушев менен болгон мамилеси жөнүндө айтып берди.

"1994-жылы мен мектепте мугалим болуп иштегем. Ал кезде Алмаз Бокушев мектепте машыктыруучу болуп иштечү. Кыргыздарда өкүл ата коюу салты бар. Ошол жылдары үйлөнүп, ата-энем аны мага өкүл ата кылышкан. Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет: өкүл атам Алмаз Бокушев ал убакта мектепте машыктыруучу болуп иштечү. Андан кийин ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик, биздин жумушка байланыштуу эч кандай мамилебиз жок. Мурда биз бири-бирибиз менен той-аштан гана көрүшүп калчубуз", - деди Ногоев.

Эске салсак, Турусбек Ногоев буга чейин Чүй облусунун Жайыл районунун акими болгон. Аймак башчыларын ротациялоонун алкагында ал өлкөнүн эң бай аймактарынын бири - Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1740