Жалал-Абадда пенсия, жөлөк пулга деген миллиондогон сом коротууга шектүүлөр кармалды
1841
Жалал-Абад облусу боюнча "Кыргызпочтасы" ишканасынын кызматкери акча каражаттарын коротуп салган деген шек менен кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, жалпысынан 10 млн сомдон ашык каражат коротулган.
Мамкомитеттен белгилешкендей, алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталган.
slide 3 of 2
Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 17-сентябрда Э.Э.К. жана И.С.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17412