ЖАК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абактагы мүчөлөрү соттолуучудан 1 млн сом талап кылган
2015
Жаза өтөө мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана нейтралдаштыруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөлөрү аныкталды. Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашкандай, алар коркутуу жана опузалап талап кылуу менен алектенген.
"Алар абакта жазасын өтөп жаткан жарандан 1 миллион сом талап кылгандыгы аныкталган", - дешет мекемеден.
slide 2 of 3
Учурда тергөө иш-чаралары, ошондой эле айыпталуучулардын башка шериктерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17424