Мэр айрым жүргүнчүлөр үчүн коомдук транспорттогу жол кирени кайра кароону сунуштады
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында пландуу жыйын өттү. Анда протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маселе каралды.
Муниципалитеттен белгилешкендей, жыйында Айбек Джунушалиев коомдук транспорт маанилүү багыт экенин белгилеп, жол кире боюнча маселе көтөрдү.
"Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга коомдук муниципалдык транспорттун жол кире акысын төлөө системасын карап чыгууну тапшырды. Тагыраагы, жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде бир же бир нече жолу коомдук транспортту которсо анда бир гана жолу төлөм жүргүзөт. Мисалы жүргүнчү биринчи автобустан экинчи, андан ары үчүнчү автобуска отуруп, жалпысынан 51 сом төлөсө (накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом) анда бул программа менен болгону 17 сом төлөйт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мэр жакында жаан-чачындуу мезгил башталарын, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды ачпоо жана капиталдык оңдоону баштабоо, анын ордуна мурда башталган бардык иштерди бүткөрүү тапшырды. "Тазалык" ишканасына жол сызыктарын жууп, зарыл болгон учурда жаңылоо тапшырмасы берилди.