Оштогу аэропорттон 13 жаштагы кызды ала качкан киши кармалды
245
"Ош" аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалган. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 23-сентябрда саат 20:00дөр чамасында болгон. Секелекти чоң энеси аэропорттон тосуп алып, чоң атасын чакырганы кетип, кайра келгенде небересин таппай калган. Ал дароо милицияга кайрылган.
Башкармалыктан билдиришкендей, кызды Баткен облусуна ала качып бараткан унаа Ноокат районунун аймагынан кармалган. Унааны 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну башкарып бара жаткан.
Иштин материалдары кошумча иликтөө үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу кызды никелешүү үчүн ала качкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17463