Базар-Коргондо дарыгердик борбордун бөлүм башчысы пара талап кылганга шектелди
RU

Базар-Коргондо дарыгердик борбордун бөлүм башчысы пара талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы системалуу түрдө пара талап кылганга шектелди. УКМКдан маалымдашкандай, Базар-Коргон районунун тургундарынан бир нече жолу даттануулар жана кайрылуулар түшкөн.

Буга байланыштуу "Пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"25-сентябрда Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З.Ж. аттуу бөлүм башчысы кармалды. Ал эмгекке жарамсыздык баракчасын (ооруканалык) бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча алгандыгы аныкталган. Анын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган", - дешет комитеттен.

Учурда кармалган жаранга карата жана башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17484