Инвесторлор салып жаткан "Ыйман борбору" мечитинин курулушу кандай жүрүүдө? Сүрөттөр
RU

Инвесторлор салып жаткан "Ыйман борбору" мечитинин курулушу кандай жүрүүдө? Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң орундуу щаманбап "Ыйман борбору" мечитинин курулушу жүрүүдө. Аткарылып жаткан иштер менен Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров таанышып чыкты.

Муфтияттан кабарлашкандай, муфтий зыярат учурунда куруучулар менен жолугушуп, аларга ыраазычылык билдирди.

"Кудай буюрса, бул мечитибиздин курулушу аяктаса, заманбап архитектуралык кооздугу менен шаарыбыздын көркүнө көрк кошот. Алла Таала ушул ыйман борборунун курулушуна себепчи болгон бардык тараптарга ыраазы болуп, өзүнүн берекесин жаадырсын. Мечит курулуп бүтсө, өлкөбүздө эң ири мечит болуп, бир учурда 20 миң киши намаз окуп калат", – деди Закиров.

Мусулмандардын дин башкармалыгынын жамааты мечитти куруу иштери жеңил жана берекелүү болсун деп тилек кылып, түлөө өткөрүп, куруучуларга сый-тамак уюштурду.

Белгилесек, 20 миң адам бата турган, баасы 51 млн доллар турган мечит - медресени инвесторлор саларын Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине айткан. Президенттин сөзүнө караганда, чет элдик инвесторлор мечитти "Аллахтан сооп табабыз" деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришет. Курулуш бүтөөрү менен Муфтияттын балансына өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17485