Call-борбор: доктурлар селсаякка жардам берүүдөн баш тартышты. Тез жардамдын комментарийи
RU

Call-борбор: доктурлар селсаякка жардам берүүдөн баш тартышты. Тез жардамдын комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындай билдирүүнү редакцияга окурман жөнөттү.

Анын айтымында, 24-майда, үйү жок жаран бутунун жараты менен Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасына кайрылган.

"Дарыгерлер аны бир аз кармап, бүгүн эртең менен тез жардам кызматы менен Мичурин Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине таштап кетишкен. Колуна бир пакет тамак карматып коюшуптур. Мындан башка эч кандай жардам бере албастыгын айтып, бутун дарылоо боюнча чара көрө албайбыз, өзүнө-өзү кам көрсүн, деп түшүндүрүштү", - дейт окурман.

Жергиликтүү тургундар тез жардам чакыртышкан, бирок ал бир нече жолу келип кайра эле кетип калып жатты. Дагы кандай эмне кылышты билбей жашоочулар милицияга телефон чалышкан, бирок алар да аны эч жака алып кете албай тургандыгын билдиришкен.

Бишкектин тез жардам көрсөтүү кызматынан мындай деп комментарий беришти: "Диспетчер менен азыр сүйлөшүп тиешелүү чараларды көрөбүз. Телефон чалуу кабыл алынган, бригада жөнөтүлгөн. Бейтапты "Коломто" борборуна жеткиришкен".

Ооруканага госпитализациялануудан эркек киши баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1749