Ээн калган сарайдан 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
RU

Ээн калган сарайдан 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда өспүрүм асынган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда саат 20:45 чамасында Ысык-Ата РИИБине Серафимовка айылынан маалымат түшкөн. Анда Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган Э.З. аттуу тургунунун жансыз денеси ээн калган сарайда асылып турганы айтылган.

Бул факты катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: photo.99px.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17539