15 жаштагы өспүрүм карындашын зордуктоого шектелип кармалды
RU

15 жаштагы өспүрүм карындашын зордуктоого шектелип кармалды

Все самое интересное в Telegram

Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде өспүрүм кыз көз жарды. Маалыматты Kaktus.media сайтына милициядан тастыкташты.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 19-сентябрда жашы жете элек кыз төрөгөнү кабарланган. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө көз жарган кыз Кара-Көл шаарынын 2010-жылы туулган А.С. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал зордукталганын айткан.

Аталган факты 26-сентябрда Кара-Көл ШИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси "Зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө зордуктоого шектелип жабырлануучунун агасы (2009-жылы туулган) О.С. кармалган.

Шектүү делген өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 29-сентябрда соттун чечими менен 2 айга СИЗОго камалды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17540