УКМК кызматкерине 20 миң доллар сунуштаган айыл башчы кармалды
1484
Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Мамкомитеттен кабарлашкандай, ал УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган.
"Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган", - деп айтылат маалыматта.
slide 2 of 3
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17552