"Лагуна Сити" эс алуу борборунун 5 млн сомдук мүлкү мамлекетке өттү
RU

"Лагуна Сити" эс алуу борборунун 5 млн сомдук мүлкү мамлекетке өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Лагуна Сити" эс алуу борборунун бир бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Мамкомитеттен билдиришкендей, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишин тергөө дагы деле уланууда.

Анын алкагында "Лагуна Сити" эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Алынган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион долларды түзөт.

УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17556