Ошто 64 жаштагы кишинин өлүмүнө келини шектелип кармалды
RU

Ошто 64 жаштагы кишинин өлүмүнө келини шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 64 жаштагы кишинин өлүмүнө келини шектелүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдиришкендей, киши бычакталган.

Маалым болгондой, 1-сентябрда милицияга 1997-жылы туулган келин арыз менен кайрылган. Ал 1960-жылы туулган кайнатасы менен чогуу жашарын, 1-сентябрга караган түнү аны менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 1997-жылы туулган С. кызы Р. аттуу тургуну менен бирге Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17566