Бишкекте самокат тээп бараткан 13 жаштагы бала кырсыкка кабылды
RU

Бишкекте самокат тээп бараткан 13 жаштагы бала кырсыкка кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте самокат тээп бара жаткан өспүрүмдү унаа сүзүп кетти. Окуя боюнча текшерүү иштери башталганын Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Окуя 3-октябрда саат 18:00 чамасында Ч.Айтматов проспектиси менен Севостополь көчөсүнүн кесилишинде катталган. Анда 1991-жылы туулган жаран Toyota Brevis унаасы менен самокат тээп бара жаткан 2011-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жаракат алып медициналык мекемеге кайрылган. Унаа айып короосуна киргизилип, тергөө уланууда дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17568