"Ооруканага эс-учун жоготкон абалда алып келишкен". 3 жашар бала таяк жеп каза тапты
RU

"Ооруканага эс-учун жоготкон абалда алып келишкен". 3 жашар бала таяк жеп каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үч жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул фактыны Kaktus.media редакциясы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Алардын айтымында, 15-майда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө саат 12:32 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургундары, 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г., денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон үч жаштагы баланы ооруканага алып келишти деп маалымдашкан.

Баланы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан, ал ошол жерден эсине келбестен жан берген.

Факты Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине киргизилип. Кылмыш кодексинин "Уруп-сабоо" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон баланын апасы уулун 33 жаштагы абысыны М.Г.га таштап өзү акча тапканы Россияга кеткени белгилүү болду. Баланы карап калган аялдын айтымында баланын талмасы кармап калып, тепкичтен кулап түшкөн, ал эми денесиндеги көк ала тактар боюнча аны "эсине келтирүү үчүн чымчыгам" деп түшүндүргөн.

Соттук-медициналык эксперттин алдын-ала берген маалыматы боюнча, бала баш мээсинен жабык жаракат алган.

Сотко чейинки териштирүүнүн негизинде бул иш "Ден-соолукка оор залал келтирүү менен адамды өлүмгө түртүү" беренеси боюнча каралууда.

Кылмышка шектүү катары М.Г. кармалды. Сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, тергөө иштери дале уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1757