Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы пара талап кылганга шектелип, кызматтан алынды
Ош шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) башчысы кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, адис сый акы алган деп шектелүүдө.
Мамкомитеттен белгилешкендей, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Т.А.Э. аталган медицина борборуна кызматка орноштуруу үчүн ири өлчөмдө акча талап кылганы аныкталган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Мыйзамсыз сыйлык алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 2-октябрда оорукананын башчысы өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалды", - деп айтылат маалыматта.
УКМК Саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөш улантылып жатканын эскертип, КР жарандары медицина тармагына кайрылуу учурунда коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, тезинен УКМКга кайрылууну сунуштайт.