Баш ооруп, уйку бузулат. Магниттик бороон бир нече күнгө созулушу мүмкүн
177
5-октябрда түштөн кийин жер бетинде алсыз магниттик бороондор башталды. Жекшембиге, 6-октябрга караган түнү алар күчтүү болуп, G3 классына жетти. Бул тууралуу "Фобос" аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леус билдирди.
Магниттик бороондор жекшемби күнү кечинде максималдуу деңгээлге жетет. Андан кийин космостук бороон төмөндөй баштайт, ал эми магниттик бороондор орто жана төмөн деңгээлдеги абалда шейшемби, 8-октябрда түнкү саатка чейин уланат.
Бул аралыкта айрым адамдар кыжырдануу, алсыздык, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору ж.б. сезиши мүмкүн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17589